Зеленский АКШ жана Орусия менен кезектеги жолугушуу Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн экенин айтты

Владимир Зеленский

АКШ, Орусия жана Украинанын өкүлдөрүнүн кезектеги жолугушуусу март айынын башында Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) борбору Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленский 26-февралда Женевада украин жана америкалык делегациялардын ортосундагы консультациялар боюнча комментарий берип жатып билдирди.

Зеленскийдин айтымында, "чыныгы коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жетишилгендин баарын жыйынтыктап, лидерлердин деңгээлиндеги жолугушууга даярдануу керек".

Ал Украинадагы согушту токтотуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн контекстинде "бул формат көп нерсени чече алат" деп эсептейт.

«Согуш аякташы керек — бул биздин позициябыз, бул Украинанын позициясы, бул биздин бардык өнөктөштөрүбүздүн позициясы. Бирок, тилекке каршы, азыр баары көрүп турат, Орусия тынчтыкка даяр эмес жана Путин өзүнүн согуш машинасын токтотуп жатканынын белгилери жок. Тескерисинче, ал согушту улантууга даярданып жатат жана дүйнө Орусияга муну өзгөртүү үчүн басым көрсөтүүгө даяр болушу керек», - деп жыйынтыктады Зеленский.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Владимир Зеленский менен сүйлөшүүсүндө Украинадагы согушту мүмкүн болушунча тезирээк токтоткусу келерин билдиргени кабарланган. Бул тууралуу 26-февралда Axios Ак үйдөгү булакка шилтеме берип билдирген.

Эки президенттин бул телефон сүйлөшүүсү Орусиянын Украинага каршы толук масштабдуу согушунун төрт жылдыгынын эртеси болгон. Басылманын булактарынын маалыматы боюнча, «президенттердин ортосундагы сүйлөшүү абдан достук жана позитивдүү болду».

Axios басылмасынын маалыматына караганда, сүйлөшүү учурунда Зеленский Ак үйдүн башчысына Украинага көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирип, Путинди согушту токтотууга бир гана Трамп мажбурлай аларын баса белгилеген. Америкалык президент, өз кезегинде, Зеленскийге АКШ Орусия менен тынчтык келишиминин алкагында анын өлкөсүнө "олуттуу коопсуздук кепилдиктерин" берүүгө даяр экенине ишендирген.

Дагы караңыз

Орбан Зеленскийге ачык кат жазып, мунай кууру боюнча талабын айттыФейсбуктагы пикири үчүн соттолгон Жээнтаевге апасынын жаназасына баруусуна уруксат суралуудаАйрым ашууларда оор жүк ташуучу унаага убактылуу чектөө киргизилдиАкыйкатчы кош бойлуу өспүрүм боюнча ишти жеке көзөмөлүнө алды