Өкмөт былтыр ИДӨнүн өсүү темпи 11% жеткенин билдирди

Адылбек Касымалиев, Ынтымак ордо. Бишкек. 27-февраль, 2026-жыл.

Акыркы төрт жылда Кыргызстандын жылдык орточо экономикалык өсүү темпи 10% деңгээлге чыкты. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 27-февралда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы менен өткөн республикалык кеңешмеде билдирди. Ал 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча жасаган баяндамасында учурдагы көрсөткүчтөр мурдагы болжолдоодон кыйла ашып кеткенин айтты:

"Өнүктүрүүнүн 2026-жылга чейинки улуттук программасына ылайык, биздин жылдык орточо экономикалык өсүш 5% деңгээлинде каралган. Бирок чындык башка динамиканы көрсөттү: акыркы төрт жылда Кыргызстан жылдык орточо өсүү темпин 10% деңгээлинде камсыз кылууда. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча биз тарыхый чекке жеттик – ИДӨнүн көлөмү 1 триллион 976,4 миллиард сомду түздү, ал эми реалдуу өсүү темпи 11,1% чейин тездеди", - деп билдирди Касымалиев.

Өкмөт башчысы бюджеттин 2025-жылы 1 триллион 101,4 миллиард сомго жетиши кирешени башкаруунун сапаттык жакшырышы менен да камсыздалганын кошумчалады. Ага ылайык, 2020-жылга салыштырмалуу Салык кызматынын кирешеси дээрлик төрт эсе өсүп, 304 миллиард сомдон ашты. Бажы кызматынан түшкөн киреше "Смарт Бажы" системасын киргизүү менен алты эсе көбөйүп, 157 миллиард сомду түздү.

"Бул катуу тартиптин жана процесстерди санариптештирүүнүн натыйжасы", – деди Адылбек Касымалиев.

Республикалык кеңешмеге Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышты.

2026-жылдын башталышына карай Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланган. Анын ичинен 3 млрд 573 млн доллар ички, 5 млрд 347 млн доллар тышкы карыз. Тышкы карыздын көп бөлүгү - 1 млрд 500 млн доллары Кытайдын Экспорттук-импорттук банкына (Эксимбанк) туура келет.

Айрым экономисттер соңку жылдары өлкөнүн ички карызы кескин көбөйгөнүн, кыска мөөнөткө жана жогорку пайыз менен алынып жаткан мындай карыз экономика, мамлекеттик бюджет үчүн кооптуу экенин эскертип келишет. (ZKo)

Дагы караңыз

Ноокатта бир бала үчүн чегерилген 585 миң сомдук алимент карызы өндүрүлдүИИМ Бишкекте маңзат даярдалчу лаборатория жок кылынганын билдирдиКазакстанда кафедеги жарылуудан кеминде жети киши мерт болдуКамактагы Эрнис Жээнтаевге апасын узатуу зыйнатына катышууга уруксат берилетЗеленский АКШ жана Орусия менен кезектеги жолугушуу Абу-Дабиде өтүшү мүмкүн экенин айтты