Пакистан Ооганстандын Кабул баштаган шаарларына сокку урду

Пакистан менен чек арадагы "Талибандын" коопсуздук күчтөрү, 27-февраль, 2026-жыл

Исламабад Ооганстандагы талибдер бийлиги менен "ачык согушка" өткөнүн жарыялады. Эки өлкөнүн чек арасындагы кырдаал бир нече айдан бери чыңалып, кармаштар жүрүп келген. 26-февралда "Талибан" өкмөтү Пакистандын чабуулуна жооп кайтарып, чек аранын айрым райондорунда операция баштаганын маалымдаган.

Расмий Исламабад бир топ жылдан бери кошуна өлкөсүн «Техрик-е-Талибан Пакистан» уюмунун согушкерлерине башпаанек бергени үчүн айыптап жатат. Талибдер дооматты четке кагууда. БУУ соңку окуяларга тынчсыздануусун билдирип, сүйлөшүүгө чакырды.

Кабулдун жашоочулары жума күнү бомбалардын жана аткылоонун добушунан ойгонгонун айтышат:

"Жардыруунун добушу угулганда ойгонуп кеттик. Ооз бекитүү маалы болчу. Кайсы жерде жарылганын билбейм. Кээ бирлер Дарул-Аман деген районго, башкалары аэропортко чабуул коюлганын айтып жатышты".

"Түнкү саат эки болчу. Досторубуз жардыруу болду же жер титиреди деп калышты. Биз ылдый жакка түшкөн жокпуз. Алыстан ок атылганы угулду. Кичине күтүп, анан көчөгө чыктык".

Кабулдун көчөлөрүндөгү машиналар талкаланып, терезелери күбүлүп калганын көрүүгө болот.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Пакистан "ачык согуш" жарыялап, "Талибанды" бутага алды

Пакистандын коргоо министри Каважа Мухаммад Асиф 27-февралда Исламабаддын чыдамы түгөнгөнүн айтып, Ооганстан менен “ачык согушка” өткөнүн жарыялады.

"НАТОнун күчтөрү чегингенден кийин Ооганстанда тынчтык орнойт жана “Талибан” ооган элинин кызыкчылыктарына, регионалдык тынчтыкка көңүл бурат деп күткөнбүз... Пакистан 50 жылдан бери 5 миллион ооганды батырып келди. Бүгүн да миллиондогон ооган биздин жерде нан таап жүрөт. Биздин чыдамыбыз түгөндү. Ортобузда ачык согуш болуп жатат", - деди ал.

Пакистандын коопсуздук күчтөрүндөгү булактар кабарлагандай, жуманын таңында талибдердин Кабул, Кандагар жана Пактикадагы посттору менен базалары, ок-дары сакталган кампалар, кеңселер абадан аткыланды. Мындан тышкары чек аранын бир нече тилкесинде кармаш жүрдү.

Ооганстандын “Талибан” кыймылы башкарган өкмөтүнүн басма сөз катчысы Забихулла Мужахид Х социалдык тармагындагы постунда соккулар тууралуу маалыматты ырастады. Ал жооп иретинде кошуна өлкөнүн аскердик позицияларына чабуул коюлганын кошумчалады.

Анын алдыңкы күнү, 26-февралда Пакистандын Коргоо министрлиги Ооганстандагы талибдер режими жок жерден чек арада ок чыгарганын айыптаган жана аскерлер дароо аткылоонун мизин кайтарганын, өлкө аймактык бүтүндүгүн жана жарандарынын коопсуздугун коргой турганын билдирген.

Пакистан менен чек арадагы Нангархар чөлкөмүндө бейшембинин кечинде болгон аба соккусунан жабыркагандар жергиликтүү ооруканага жеткирилди. Дарыгерлер айрымдар оор жараат алганын айтууда.

Пакистандын соккусунан жарадар болгон аялдар. Жалалабад, 27-февраль 2026-жыл

Ооган күчтөрү Пакистандын түндүк-батыш тарабындагы тоолуу аймагына чабуул койгондо эки сааттан ашуун аткылашуу болуп, кийин пакистандык аскерлер сокку урганы кабарланды.

Пакистан өткөн аптанын соңунда Ооганстандагы аскердик буталарга сокку ургандан бери 2 миң 600 километрлик чек арада чыңалуу күчөгөн.

Тараптар чек ара кагылышуулардан жана соккулардан аскерлер менен карапайым калк арасында жоготуулар болгонун билдирүүдө.

26-февралда БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссары Волкер Түрк Ооганстан менен Пакистанды сүйлөшүүгө чакырды. БУУнун Ооганстанды колдоо миссиясынын маалыматына караганда, 2025-жылдын акыркы үч айында өлкөдө 70 жай тургун мерт кетип, 478 адам жаракат алган.

"Бул жумада дагы курмандыктар катталды, Пакистандын аба чабуулунан 13 жай тургун мерт кетти жана бир нечеси жаракат алды", – деп айткан Түрк.

Былтыр октябрда чек арадагы кандуу кагылышуулар жана чабуулдар согуш күчөп кетиши мүмкүн деген кооптонууга жем таштаган. Кийин Катардын ортомчулугу менен ок атууну токтотуу макулдашылган.

Исламабад “Талибан” башкарган ооган бийлигин “Техрик-и-Талибан Пакистан" экстремисттик тобуна башпаанек бергени, жоочуларга каршы чара көрбөгөнү үчүн айыптап келсе, талибдер кошуна өлкөнүн мындай дооматын четке кагууда.

Ооганстан товарлар менен азык-түлүктү Пакистан аркылуу ташыйт. 2021-жылы талибдер Ооганстандагы бийликти кайра басып алгандан бери кыймыл менен Пакистандын аскерлери чек ара тилкесинде утур-утур кагылышып жүрөт.

Исламабад "Талибанды" кыймыл түптөлгөн 1990-жылдардан бери колдоп келген. Атүгүл Ооганстандын батышчыл өкмөтүнө каршы козголоң учурунда согушкерлерге жөлөк-таяныч болгону да айтылып жүрдү.