Кара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери иштен кетти

Кара-Суу району, архивдик сүрөт.

Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун акими Канат Табалдиев жана Жалал-Абад облусундагы Тогуз-Торо районунун акими Манас Мураталиев иштен кетти.

Президенттин администрациясы алар берген арызынын негизинде кызматтан алынганын кабарлады.

Манас Мураталиев бул кызматта 2023-жылы июнь айынан тарта иштеп келе жаткан.

Канат Табалдиев Кара-Суу районунун акими болуп 2024-жылы августта дайындалган жана ага чейин Улуттук коопсуздук комитетинде иштеген.

Табалдиев тууралуу соңку күндөрү социалдык тармактарда ар кандай маалыматтар тарап жаткан.

Дагы караңыз

Бишкекте коомдук жайда жарамазан айткан балдарга карата рейддер уюштурулатОккупацияланган аймактардан украиналык балдардын дагы бир тобу кайтарылды