Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШда кармалган кыргыз жараны тууралуу билдирүү таратты.
Анда А.М. аттуу жаран учурда АКШнын Иммиграция жана бажы кызматынын (U.S. Immigration and Customs Enforcement, ICE) Аризона штатындагы “Eloy Detention Center” иммиграциялык убактылуу кармоо борборунда кармалып турганын билдирди.
“Чикаго шаарындагы Башкы консулдук бул маселени АКШнын компетенттүү органдары менен өз ара аракеттенүү аркылуу иштеп чыгууда жана кырдаалды туруктуу көзөмөлдө кармап турат”,-деп жазылган ТИМ тараткан билдирүүдө.
Кыргызстандык жаран качан, кандай жагдайда кармалганы тууралуу маалымат берилген жок.
Соңку кездери АКШда мигранттарга, чет элдиктерге каршы саясат катаалдашып, чаралар күчөтүлүп жатат. Ошондой эле виза берүүгө байланыштуу талаптар да көбөйгөн.
Дагы караңыз
Билл Клинтон Эпштейн иши тууралуу конгрессмендердин суроолоруна жооп бердиКара-Суу жана Тогуз-Торо райондорунун акимдери иштен кетти Бишкекте коомдук жайда жарамазан айткан балдарга карата рейддер уюштурулатОккупацияланган аймактардан украиналык балдардын дагы бир тобу кайтарылдыО