Израил Ливандагы "Хезболлага" тиешелүү жайларга сокку урганын билдирди, 30тан көп киши набыт болду

Израилдин соккуларынан кийин Ливандын борбору Бейруттун түштүк чет жактарында көтөрүлгөн түтүн. 2-март, 2026-жыл.

Израилдин армиясы Ливандагы «Хезболла» тобуна тиешелүү жайларга сокку урганын билдирди.

"Хезболланы" АКШ террордук уюм деп тааныган, Евробиримдик анын саясий партиясын эмес, куралдуу тобун "кара тизмеге" киргизген. Ливандын парламентинде "Хезболланын" саясий партиясынан депутаттар бар.

Армиянын маалыматына караганда, бул соккулар аталган топтун чабуулдарына жооп ирээтинде жасалды.

Израил армиясынын Түндүк аскер округунун командачысы, генерал-майор Рафи Мило билдиргендей, Ливандын түштүгүнө жана Бейрутка жасалган соккулардын биринчи толкуну «жогорку даражадагы согушкерлерге, штабдарга жана террордук инфраструктурага» багытталган.

Бейрутка алгачкы соккулар урулгандан кийин Израил Ливандын чыгышындагы жана түштүгүндөгү дээрлик 50 айылдын тургундарын кийинки чабуулдардын алдында коопсуз жайга эвакуацияланууга чакырды.

Биринчи толкундан көп өтпөй экинчиси башталды. Израилдин Коргоо армиясы Ливандын бир нече аймагындагы «Хезболлага» таандык курал-жарак кампаларына жана инфраструктурасына сокку урганын маалымдады.

Associated Press агенттиги Ливандын Саламаттык сактоо министрлигине таянуу менен кабарлагандай, израилдик соккулардын кесепетинен кеминде 31 адам каза болуп, дагы 149 адам жаракат алды.

Израилдин Коргоо армиясы ошондой эле түн ичинде Тегеранга ири масштабдагы соккулар жасалганын билдирди.

Иран өз кезегинде 2-марттын таңында Израил аймагына соккуларды улантты. AFP агенттиги Дохада (Катар), Дубайда (Бириккен Араб Эмираттары) жана Бахрейнде жарылуулардын үнү угулганын маалымдады. Дохадагы жарылуу тууралуу Reuters агенттиги да жазды.

Дагы караңыз

Ирандык басылмалар экс-президент Махмуд Ахмадинежаддын өлүмү боюнча маалыматты төгүндөдүТрамп Иранга каршы согуш бир айга чейин созулушу мүмкүн экенин айттыИранда мамлекеттик ЖМК жогорку руханий лидер аятолла Али Хаменеи өлтүрүлгөнүн ырастады