Өзбекстандын өкмөт башчысы Жакынкы Чыгыштагы жарандарын эвакуациялоону тапшырды

Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов.

Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов 2-мартта Сауд Арабиясынан, Бириккен Араб Эмирликтеринен, Катардан жана аймактагы башка өлкөлөрдөн өзбек жарандарын кайтаруу чараларын ишке ашырууну тапшырды. Бул тууралуу gazeta.uz басылмасы жазды.

Бийликтин маалыматына ылайык, Сауд Арабиясына Өзбекстандан миңден ашуун зыяратчы барган. Каттамдардын токтотулушуна байланыштуу көптөгөн өзбек жарандары Бириккен Араб Эмирликтеринен уча албай калышкан.

Жарандарды кайтаруу боюнча каттамдарды Uzbekistan Airways, Centrum Air, Qanot Sharq жана Fly Khiva компаниялары ишке ашырмай болду.

Тышкы иштер министрлигине Өзбекстандан учууларды макулдашуу үчүн тиешелүү мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Сауд Арабиясы менен Өзбекстандын ортосунда FlyOne (Молдова) жана Flyadeal (Сауд Арабиясы) авиакомпаниялары каттамдарын улантууда. 2-мартта Абу-Даби аэропорту ишин кайра жандандырды.

Премьер-министр Транспорт министрлигине экспорт-импорт операциялары үчүн альтернативдүү транспорттук коридорлорду иштеп чыгуу тапшырмасын берди.

Маалыматка караганда Өзбекстандын тышкы жүк ташуулары тогуз эл аралык коридор аркылуу жүзөгө ашырылат. Алардын бири Ирандын деңиз порттору аркылуу өткөн түштүк коридору. Бул багыт аркылуу экспорт менен импорттун олуттуу бөлүгү, анын ичинде Түркиядан жана Европадан келген жүктөрдүн 60% ташылат.

2025-жылдын июнь айындагы Иран-Израил согушу («Он эки күндүк согуш») маалында Өзбекстан тышкы экономикалык жүк ташуулардын туруктуулугун камсыз кылуу, баалардын өсүшүн алдын алуу жана жүктөрдү өз убагында жеткирүү үчүн чукул чараларды көргөн.

28-февралдан тарта АКШ жана Израил Иран аймагына сокку урууда. Жооп катары Иран Перс булуңундагы өлкөлөрдө жайгашкан америкалык аскер базаларына чабуул жасады.

Дагы караңыз

Борбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасаштыТрамп Иранга каршы согуш бир айга чейин созулушу мүмкүн экенин айтты