Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:01

Борбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасашты

Иранга жасалган аба соккулардан кийин асманга көтөрүлгөн жалын. 1-март, 2026-март.
Иранга жасалган аба соккулардан кийин асманга көтөрүлгөн жалын. 1-март, 2026-март.

Жакынкы Чыгыштагы аскердик аракеттердин башталышы жана Ирандын айланасындагы кырдаалдын кескин курчушу боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн бийликтери ар бири өз алдынча билдирүү жасашты.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Бириккен Араб Эмирлигинин президенти, шейх Мухаммед бин Заид Аль Нахайян жана Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Эмирликтин жетекчилиги менен сүйлөшүүдө Токаев жаңжалдын курчушуна тынчсыздануусун билдирип, Казакстан Эмирликтерге достук жана боордош өлкө катары карай турганын айтып, зарыл болсо колдон келген жардамды көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

Катардын эмири менен сүйлөшүүдө Казакстандын башчысы кырдаалдын өнүгүшүнө тынчсызданып, бул өлкөнүн элине тилектеш экенин айтты. Эки тарап стратегиялык өнөктөштүктү чыңдоого берилгендигин ырастады.

Өзбекстандын Тышкы иштер министрлиги кырдаалдын кескин курчушу кеңири аймакта жаңы чыңалууга алып келгенине олуттуу тынчсыздануусун билдирди.

Расмий билдирүүдө Ташкент бардык тараптарды сабырдуулукка чакырып, аскердик-саясий жана гуманитардык кесепеттери алдын ала божомолдоого кыйын, кооптуу эскалацияга алып келе турган кадамдардан карманууга үндөдү.

Өзбекстан кризисти эл аралык укуктун негизинде, жалаң саясий-дипломатиялык ыкмалар жана өз ара алгылыктуу диалог аркылуу жөнгө салуу зарылдыгын белгилеп, аймактык туруктуулук менен коопсуздукту бекемдөөгө берилгендигин ырастады.

Расмий Дүйшөмбү Иран ичиндеги окуяларга өзгөчө көңүл бурду. Тажикстандагы Иран элчилигинин Telegram-каналында жарыяланган маалыматка ылайык, президент Эмомали Рахмон Ирандын президенти Масуд Пезешкианга өлкөнүн жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жана бир катар расмий адамдардын каза болгонуна байланыштуу көңүл айтты.

Катта Рахмон терең кайгыруу билдирип, Хаменеинин Тажикстан менен Ирандын эки тараптуу мамилелерин өнүктүрүүдөгү ролун баса белгиледи жана тажик элинин "достук жана боордош" Иран менен тилектеш экенин айтты. Ошол эле учурда жарыяланган маалда Тажикстандын президентинин басма сөз кызматы көңүл айтуунун текстин расмий түрдө жарыялаган эмес.

Буга чейин Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги "болуп көрбөгөндөй эскалацияга терең тынчсыздануу" билдирип, бардык талаш-тартыштар эл аралык укуктун жана БУУнун Уставынын алкагында жалаң сүйлөшүү жолу менен чечилиши керектигин белгилеген.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги да аймактагы кырдаалдын курчушуна байланыштуу расмий билдирүү жасады. Бишкекте чыңалуунун өсүшүнө терең тынчсыздануу менен байкоо салып жатышканы белгиленип, эл аралык коомчулукту жаңжалды тынч жол менен жөнгө салуу үчүн аракеттерди бириктирүүгө чакырышты.

Кыргызстан БУУнун Уставын жана эл аралык укуктун нормаларын так сактоону талап кылат. Расмий Бишкек тараптарды максималдуу сабырдуулукка, аскердик аракеттерди токтоосуз токтотууга жана конструктивдүү диалогго кайтууга үндөп, кризисти жалаң тынч жол менен чечүү мүмкүн экенин баса белгиледи.

Түркмөнстандын Тышкы иштер министрлиги азырынча Ирандагы жана жалпы Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча расмий билдирүү жасай элек.

Израил менен АКШнын Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталган. Жооп иретинде Иран Израилди гана эмес, аймактагы башка өлкөлөрдү да аткылай баштаган. Тегеран израилдик объектилерди жана америкалык аскер базаларын мыйзамдуу аскердик буталар деп эсептей турганын билдирген.

Бириккен Араб Эмирликтеринин Коргоо министрлиги 2026-жылдын 28-февралынан бери өлкөнүн абадан коргонуу күчтөрү 167 ар түрдүү типтеги ракетаны жана 541 учкучсуз учуучу аппаратты атып түшүргөнүн билдирди. Ракеталардын көбү жок кылынган, 13ү деңизге түшкөн. Өлкө аймагына 35 дрон кулап, материалдык зыян келтирген. Пакистан, Непал жана Бангладеш жарандыгы бар үч адам каза болуп, дагы 58 киши ар кандай деңгээлде жараат алган.

Шерине

XS
SM
MD
LG