МИК "Азаттыктын" каарманы курьер келинге батир тапшырды

МИК Байыркан Куттубек кызына батир тапшырып жаткан учур.

Бишкекте беш айлык баласы менен курьер болуп иштеген, “Азаттыктын” каарманы Байыркан Куттубек кызына Мамлекеттик ипотекалык компания батир берди. Бул тууралуу “Азаттыкка” 1-мартта мекемеден билдиришти.

Беш айлык кызын бешик арабага сүйрөп курьер болуп иштеп жүргөн 30 жаштагы келин тууралуу “Азаттык” 26-февралда видео даярдаган. Ал күйөөсүнүн зомбулугуна кабылып, коргоо ордерин алып кризистик борбордо баш калкалап жаткан. Көз жаргандан төрт күн өткөндөн кийин эле жумушка чыгып, тигүү цехинен иш тапканын айтып берген.

Куттубек кызы тууралуу видео жарыялангандан кийин элден анын эсебине чогулган каражат 1 миллион сомдон ашканын өзү “Азаттыкка” билдирди.

Курьер келин тууралуу башка блогерлер да видео жарыялап, социалдык тармактарда кызуу талкууга түшкөн.

Дагы караңыз

Байсалов Кытайдын өкүлдөрү менен жаңы өндүрүш ишканаларын түзүү маселесин талкуулады Быйыл кыргыз-тажик чек арасынын 270 чакырымына зым тартылатӨзбекстандын өкмөт башчысы Жакынкы Чыгыштагы жарандарын эвакуациялоону тапшырдыБорбор Азия өлкөлөрү Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу билдирүү жасашты