1-марттын кечинде Американын үч F-15E истребители Кувейттин абадан коргонуу күчтөрү тарабынан жаңылыштык менен атып түшүрүлгөн. Бул тууралуу АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы 2-мартта билдирди.
Буга чейин күйүп жаткан учак жана андан парашют менен түшүп жаткан экипаж мүчөсү тартылган видео тараган. Ал эми Кувейттин аскерлери «бир нече» америкалык истребител кулаганын билдиришкен.
Окуя жергиликтүү убакыт боюнча таңкы саат 8дер чамасында болгон. Ал учурда учактар «активдүү согуштук аракеттерге» катышып, ирандык учактардын, баллистикалык ракеталардын жана дрондордун чабуулдарына туш болгон.
Буга чейин Кувейттин Коргоо министрлиги да бир нече учак кырсыкка учураганын билдирип, экипаж мүчөлөрү куткарылып, ооруканага жеткирилгенин маалымдаган.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен операциясы үч күндөн бери уланууда. Азырынча АКШ тараптан кеминде төрт аскер кызматкери каза болгону кабарланды. Америкалык маалымат каражаттары жазгандай каза болгондордун үчөө Кувейтке жайгаштырылган бөлүктүн курамында болгон.
Иран абадан жасалган чабуулдарга жооп кылып, Перс булуңундагы АКШнын аскер объектилерин жана шаарларды дрондор жана ракеталар менен аткылоодо.
2-мартта дагы бир америкалык аскер Ирандын алгачкы соккуларында оор жаракат алып, кийин каза болгону маалымдалды. Анын кайсы жакта жаракат алганы так айтылган жок.