Али Хаменеи кантип өлтүрүлгөн?

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Дүйнөлүк медиа Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеинин өлтүрүлүшү боюнча операциянын айрым деталдарын өз булактарына таянып жазууда. Сокку түн ортосунда эмес, эртең менен болгон.

АКШнын Борбордук чалгын кызматы (ЦРУ) бир нече ай бою аятолланын артынан аңдып, 28-февралда эртең менен анын резиденциясында Ирандын жогорку кызматтагы жетекчилеринин жолугушуусу өтөрүн аныктаган. Хаменеинин кайсыл жерде экени тууралуу маалымат ошол жерде жүргөн агенттен алынган болушу мүмкүн. Бирок эң ыктымал жоромол - аятолла жана башка ирандык жетекчилердин баскан-турганын заманбап технологиянын жардамы менен көзөмөлдөп турушкан.