"Кызым өз жанын кыйбайт эле". Ноокатта жаш келиндин өлүмү иликтенүүдө

Айжаңыл апасы Уулча Орунбаева менен.

Ош облусунун Ноокат районунда 19-февраль күнү 21 жаштагы келин асынган абалда табылган. Маркумдун жакындары окуя алдында эле келин жолдошунан зомбулук көргөнү тууралуу укканын айтып, анын өз жанын кыйганына ишенбей турушат. Келиндин кайын журту азырынча комментарий берүүдөн баш тартты.

Уулча Орунбаева турмушка узатканына бир жыл гана болгон кызын жоготуп, анын өлүмүнө ишене албай отурат. Орунбаевага 19-февраль күнү 21 жаштагы кызы Айжаңыл асынып алганын айтышкан. Жакындары маркум келин кош бойлуу болгонун айтып, анын өз жанын кыйганына ишенбей турушат

"Кечки саат алтыларда “Апа, мени күйөө балаңыз дагы уруп жатат, алып кетиңчи” деп жазды. “Ии, тынччылыкпы?” деп эле телефонумду кубаттагычка сайып коюпмун. Мага жазганда деле мен бир ооз кызыма кайра чалбапмын да. Бул зөөкүрлөр уруп өлтүрүп коёт деп ойлобопмун да".

Айжаңылдын апасы Уулча Орунбаева.

Айжаңыл өлүмү алдында эле апасына жолдошу кол көтөргөнү тууралуу жазган экен. Маркумдун башка жакындары да келиндин денесинде зомбулуктун белгилери болгонун айтышты.

"Өзүн өзү аса турган кыз эмес ал. Эч качан өзүн өзү аспайт. Оронгон такыба кыз. Башы, эки кулагы көгөргөн. Моюну кызарып, тытылып турат. Анан тешикке окшогон нерсе бар. Ички кийим жок, кийимдерин алмаштырып койгон. Асынып алса, ошондо дароо айтыш керек эле да булар. Ушундай асынып алды деп күйөө бала ошол жерде туруш керек эле. Качпаш керек эле. Биз күйөө баланы көргөн жокпуз. Абысыны укол алып кетчү экен. Укол алганы келип, таппай калыптыр. Кетип жатып чаркардын жанынан өтүп баратып көрүп калыптыр. Ийилип, чөк түшүп отуруп калыптыр, жип асылып турган жеринен дейт",-деди маркум Айжаңылдын чоң апасы Анаргүл Эминова.

Дагы караңыз “Күйөөм мени өрттөдү”. Майрамкүл жардамга муктаж

Бул окуя боюнча маркумдун жакындары милицияга арыз жазышканын Айжаңылдын таятасы Сапар Орунбаев айтты:

"Күйөө бала биз барганда качып, мончонун ичине кирип алыптыр. Эшигин кулпулап коюптур. Милициялар издеп, таап, машинага салып алып кеткен. Өмүрүнүн азабын тартсын. Жазасын алсын. Мыйзамдын негизинде отурсун".

Ош облустук милициянын өкүлү Таалайбек Байтиков учурда тергөө жүрүп жатканын, медициналык экспертиза дайындалганын билдирди:

"Аял киши өзүнүн үйүндөгү мал сарайда асынып каза болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Бул факты каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталган. Анын жүрүшүндө окуяга тиешеси бар адамдар тергөө кызматына жеткирилип, күбө катары суралган. Тийиштүү материалдар чогултулган жана маркумдун эмне себептен каза болгондугун так аныктоо максатында соттук-медициналык экспертиза дайындалган. Чогултулган материалдын жана дайындалган экспертизанын корутундусуна ылайык мыйзамда белгиленген чечим кабыл алынат".

Маркум Айжаңылдын жолдошу жашаган айыл.

Маркум Айжаңыл Аликараева Ноокаттын Көк-Бел айылындагы ушул үйдө кайын журту менен жашаган. "Азаттыктын" кабарчылары анын жолдошунан, кайындарынан комментарий алганы барган. Камера сыртында маркумдун жолдошунун жакындары Айжаңыл зомбулукка кабылбаганын айтып жатышты. Кечирээк, күйөөсүнүн бир тууган агасы байланышып, азырынча комментарий бербей турганын билдирди:

"Качан экспертизанан жыйынтыгы чыкса, анан ошондо интервью берет экенбиз. Ошондой деп сүйлөштүк. Азыр жөндөн жөн эле интервью бериштин кереги жок болуп жатат".

21 жаштагы Айжаңыл Аликараева жолдошу менен Орусияда жүрүп, Кыргызстанга келгенине үч ай гана болгон.

Айжаңыл.

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулуктун курмандыгы болгон аялдар көп катталууда. Жыл башында эле Сузакта 28 жаштагы келин мурунку жолдошунун колунан мыкаачылык менен каза тапкан. Ага чейин Бишкекте 47 жаштагы келинди күйөөсү туулган күнүндө атып өлтүргөн.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.

Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.

Макаланын авторлору "Азаттыктын" Оштогу кабарчылары:

Нургелди Каныбек уулу,
Наргиза Анарбай кызы