Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева 8-мартта Аялдардын эл аралык күнүнө карата Бишкек шаарында жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин көтөрдү. Ал калаа бийлигине жана укук коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин белгиледи.
“Уркуя Салиеванын айкелинен башталып, Горький сейил багына чейин жөө жүрүш кылсак жакшы болмок деп жатышат. Урматтуу укук коргоо органдары, мэр. Бул жерде көбүнчө айымдар, жаш кыздар болот”, - деди Сурабалдиева.
Депутат бул иш-чарада кыз-келиндерге тиешелүү маселелер айтыларын кошумчалады.
Былтыр Бишекте 8-март күнүнө арналган өнөктүк “Жаша аялзаты, жаша” деген ураандын алдында уюштурулуп, жүрүш эски аянттан Максим Горький аянтына чейин жүргөн.
Жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышып, жаштар колуна аялдардын эркиндигин, билим алып, өзү каалагандай татыктуу жашоосун, аларды зордук-зомбулуктан коргоону, коопсуз жашоону камсыз кылууну талап кылган жазууларды кармап чыгышкан.
Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча, Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.
Кыргызстанда 2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.
Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери жарандык акция, митинг өткөрүү шарттары чектелген.