Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Март, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:57

5-мартта Омандан кыргызстандыктарды ташыган биринчи учак келет

"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.
"Манас" аэропорту. Иллюстрациялык сүрөт.

Перс булуңунан эвакуацияланган кыргызстандыктар түшкөн учак 5-мартта саат сегизде "Манас" аэропортуна келет. Омандан келүүчү биринчи каттам 180 адамды алып келет. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы маалымдады.

Каттамды "Аэрономад" компаниясы жүргүзөт.

Президент Садыр Жапаров 3-мартта Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө жүргөн кыргызстандыктарды эвакуациялоо иштери жүрүп жатканын, Оман мамлекети менен макулдашып, эки учак менен 300 киши алынып келинерин билдирген.

Ошол эле күнү Кыргызстандын Сауд Арабиясындагы элчиси Улукбек Марипов 4-марттан тартып эки өлкө ортосундагы аба каттамдары жандана турганын билдирди. Ага ылайык, элчилик Flynas компаниясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Жидда – Ош багытындагы түз аба каттамдарын жандандырууну макулдашты.

“Бул каттамдар менен биринчи кезекте буга чейин билет алып, бирок уча албай калган жарандарыбыз ташылат”, - деди Марипов.

3-мартта Кыргызстандын Ирандагы элчиси Акылбек Кылычев Ирандагы эки кыргызстандык Азербайжандын аймагына чыгарылганын “Азаттыкка” маалымдаган.

Тышкы иштер министрлиги Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.

Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашайт.

Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин виза мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган.

ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG