Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:57

ТИМ БАЭде жүргөн жарандарды коопсуздук чараларын күчөтүүгө чакырды

Тышкы иштер министрлиги.
Тышкы иштер министрлиги.

Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмираттарында жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырды. Мекеменин мындай билдирүүсү 2-мартта жарыяланды.

Анда министрлик БАЭнин тиешелүү мекемелери ал жакта жүргөн жарандарды мейманканаларда акы төлөбөстөн убактылуу жашап туруу чечими кабыл алынганын жана аба каттамдары жылдырылып же жокко чыгарылганына байланыштуу мейманканалар туристтерди чыгарбоо милдетин алганын маалымдады.

ТИМ буга байланыштуу жарандарды буга чейин жашаган мейманканада болуп турууга, бийлик органдарынын расмий сунуштарын күтүүгө, Кыргызстандын дипломатиялык мекемелери, авиакомпаниялар жана мейманкананы администрациясы менен байланышта болуп турууга чакырды.

“Эгерде абадан коргонуу сигналы же башка өзгөчө кырдаалдар жарыяланса, укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана мейманкана кызматкерлеринин көрсөтмөлөрүн так аткаруу зарыл. БАЭде "жабык асман" режими киргизилгендиктен, жер менен үчүнчү өлкөлөр аркылуу чыгуу жолдорун өтө зарыл учурда гана кароону жана компетенттүү органдардын расмий маалыматын милдеттүү түрдө көзөмөлдөөнү суранабыз”, - деп жазылган билдирүүдө.

Мекеме БАЭде жүргөн мекендештерди өзү тууралуу маалыматтарды – аты-жөнүн, туулган күнүн, паспорт номурун, ал жакта жашаган дарегин жана байланыш номурларын жөнөтүүгө чакырды.

  • Кыргызстандын БАЭдеги элчилиги: +971522255269;
  • Кыргызстандын Дубай шаарындагы башкы консулдугу: +971522918840;
  • Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаменти: +996999312002.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койду.

Бириккен Араб Эмираттарынын Коргоо министрлиги Ирандын учкучсуз кыргын салуучу учактары Абу-Дабидеги француз аскер-деңиз базасын бутага алганын билдирди. Ирандын ракеталары Араб деңизиндеги америкалык согуштук кемеге сокку урду. Пентагон бул чабуул максатына жеткен жок деп билдирди.

Бириккен Араб Эмираттары (БАЭ) эки күн ичинде ирандык 167 ракета асманда жок кылынганын, 35 дрон турак жайларга тийип, үч чет элдик жаран каза тапканын маалымдады. 58 киши ар түркүн жараат алышкан.

Шерине

XS
SM
MD
LG