Варшава шаарынын полициясы тажикстандык мигранттар ортосундагы мушташты иликтеп жатат. Польшанын маалымат каражаттары билдиргендей, окуя 28-февралга караган түнү Варшаванын Воля районундагы май куюучу жайдын артында болгон.
Маалыматка караганда, тажикстандык мигранттардын тобу мекендешин союл менен токмоктоп коюшкан. Андан тышкары Lexus үлгүсүндөгү автоунаанын да айнектерин талкалап, полиция келгиче качып кетүүгө үлгүрүшкөн.
Маалымат каражаттары билдиргендей, сабалган 36 жаштагы тажикстандык жаран башынан оор жаракат алган. Ал оор абалда ооруканага жеткирилип, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылып жатышат.
Полиция шектүү катары 25 жаштан 36 жашка чейинки Тажикстандын үч жаранын кармады. Учурда тергөө уланып, жагдайлар такталууда.
"Озоди" радиосу 3-мартта өз булактарына таянып жазгандай, жаңжалга 10 миң доллар себеп болушу мүмкүн. Маалыматка караганда, жабыркаган адам мекендештерине жумуш визасын жасатып берүүгө жана аларды Беларус аркылуу Польшага өткөрүүгө көмөк көрсөтүү үчүн 10 миң доллар алган.
Бирок булактардын айтымында, бул милдеттенмелер аткарылбай, акча да кайтарылган эмес.
Польшадагы айрым тажикстандык мигранттар жана башпаанек сурагандар мындай окуялар алардын абалына жана келечегине терс таасир тийгизиши мүмкүн экенин айтып жатышат.
Буга чейин да Польша бийлиги башпаанек алууну көздөп келген айрым тажик жарандарынын бир тобун өлкөдөн чыгарган. Алардын айрымдары кийин Тажикстанда соттолгону кабарланган.