Кыргызстан эки Airbus учагын сатып алат

Airbus А321ceo учагынын үлгүсү. Бишкек, 5-март, 2026-жыл.

Кыргызстан Airbus А321ceo үлгүсүндөгү эки учак сатып алат. Бул маалымат Министрлер кабинетинин сайтында жарыяланды. Ага ылайык, “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасы BBAM Aircraft Leasing & Management компаниясы менен аталган эки учакты сатып алуу боюнча келишимге кол койду.

Кол коюуга министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да катышып, заманбап учактарды колдонуу Кыргызстандын жарандык авиация тармагын жаңы сапаттагы деңгээлге көтөрүүгө өбөлгө түзөрүн билдирди.

Өкмөт башчы ошондой эле, акыркы беш жылда ички жана тышкы аба каттамдары көбөйгөнүн белгилеп, 2021-жылы өлкөдө беш аэропорт иш алып барса, бүгүнкү күнү бардык аймактардагы аэропорттор иштеп жатканын кошумчалады.

Касымалиев бул жетишкендиктер Кыргызстанды Еврбиримдиктин коопсуздук тизмесинен чыгарууга шарт түзөрүнө үмүтүн билдирди. Анын маалымдашынча, жакынкы күндөрү Европа комиссиясы тарабынан акыркы аудит өткөрүлөт.

Ал эми Airbus Europe компаниясынын президенти Йохан Пелиссье Кыргызстандын авиация тармагын жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Маалыматта айтылгандай, Airbus А321ceo үлгүсүндөгү учактар “Кыргызстан аэропорттору” мамлекеттик ишканасына 2026-жылдын аягында өткөрүлүп берилет. Учактар “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясын колдоо, жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуулукту, учуулардын коопсуздугун бекемдөө, каттамдардын географиясын кеңейтүү жана эл аралык аба мейкиндигинде Кыргызстандын позициясын чыңдоо максатында алынган.

Европа биримдиги бир нече жыл мурун Кыргызстандын учактары үчүн аба мейкиндигин жапкан. Муну ЕБ Кыргызстандын учактарынын "эскилиги жана коопсуз эместиги" менен түшүндүргөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Чек ара: 300 чакырымдай тилкеге зым тартылатЖапаров айдоочудан жеринен сынак алуу мыйзамын артка кайтарууну тапшырдыДепутат Бекешев ЖРТ сынагын акысыз өткөрүүнү сунуштадыКувейттин жээгинде танкерде жарылуу болуп, сууга мунай төгүлдү Кыргызстанда күйүүчү май көйгөйү жоктугу айтылдыӨКМ вебкам иши боюнча соттолгон Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткенин ырастады