Жоомарт Карабаев президентке кайрылып, өзүнө козголгон ишти териштирүүнү суранды

Жоомарт Карабаев. 31-октябрь, 2024-жыл.

Улуттук илимдер академиясынын мурдагы кызматкери Жоомарт Карабаев 5-мартта президент Садыр Жапаровго жана баш прокурорго, акыйкатчыга жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасына кайрылып, өзүнө козголгон кылмыш иштин жагдайын карап берүүнү суранган. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасына жазды.

Ал өзүнө козголгон ишти УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин учурунда башталган куугунтук деп мүнөздөп, аны кайрадан карап чыгууну өтүнгөн. Мындан тышкары иштин алкагында жасалган экспертизаларды жүргүзгөн топтун ишмердигин токтотуу жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу өтүнүчү жазылган.

“Ишкерлердин гана укуктары корголбостон, куугунтуктоого кабылган бардык жарандарыбыздын бузулган укуктары корголот, калыбына келтирилет деген үмүттөмүн”, - деп жазылган билдирүүдө.

Жоомарт Карабаев 2024-жылдын июль айында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) суракка чакырылгандан кийин камакка алынган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык” деген беренелери менен айып коюлган.

Төрт айдан кийин, 31-октябрда аны Бишкектин Биринчи май райондук соту эч жакка чыкпоо тил каты менен бошоткон. Буга анын апасы сыркоолоп, ооруканада жатканы, каралаша турган киши керектиги тууралуу жүйө негиз болгон.

Биринчи май райондук соту 2025-жылы май айында аны күнөөлүү деп таап, пробациялык үч жылдык жаза чегерген. Ошондой эле ага 50 миң сом айып пул салган. Ноябрда Бишкектин шаардык соту да бул чечимди күчүндө калтырган.

2025-жылы апрелде социалдык тармактарга Жоомарт Карабаев менен Улуттук илимдер академиясынын бөлүм башчысы Айнуру Алтыбаеванын сүйлөшүүсү делген аудио тараган. Анда Жоомарт Карабаевге кызматтан өз арызы менен кетүүсү сунушталып, болбосо УКМКнын кызматкерлери аны камакка алары эскертилип жатканы айтылган. Алтыбаева муну “жалаа жабуу” деп атаган.

Жоомарт Карабаев айрым кылмыш иштери боюнча илимий экспертиза жүргүзгөн кызматкерлердин бири болчу. Өзү “УКМКнын кызматкерлеринин мыйзамсыз ишин ачыктаганым үчүн куугунтукка кабылдым” деп билдирген. Атайын кызмат буга байланыштуу комментарий берген эмес.

Дагы караңыз

Алдамчылык үчүн эл аралык издөөдө жүргөн эки киши Кыргызстандын аймагынан кармалдыӨздөрүн "күч кызматкерибиз" деп, 11 млн сомго алдап кеткен шектүү топ камакка алындыТегеранда 12 миң орундуу "Азади" стадиону ракеталык соккудан кыйрадыКыргызстан эки Airbus учагын сатып алат