Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:46

Алдамчылык үчүн эл аралык издөөдө жүргөн эки киши Кыргызстандын аймагынан кармалды

Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ири суммадагы алдамчылык үчүн эл аралык издөө жарыяланган адамдар Бишкекте жана Чолпон-Ата шаарында кармалышты. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы кабарлагандай, аларга Казакстандын укук коргоо органдары Интерпол аркылуу издөө жарыялаган.

Маалыматка ылайык, ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 55 жаштагы Л.С.В. аттуу чет өлкөлүк жаран Бишкекте кармалды. Ал уюшкан кылмыштуу топ түзүүгө, шылуундукка жана өзгөчө ири суммадагы уурулукка шек саналууда. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 183,6 млн казак теңгесин түзөт.

Өзгөчө ири өлчөмдөгү шылуундукка шектелип, эл аралык издөө жарыяланган дагы бир адам - 46 жаштагы К.Д.М. аттуу чет өлкөлүк жаран Чолпон-Ата шаарында кармалды. ИИМдин маалыматына караганда, ал Кыргызстандын паспортун колдонуп жүргөн. Учурда анын кыргыз паспортун алуусунун мыйзамдуулугу текшерилип жатат.

Кармалган эки шектүү боюнча иликтеп-тергөө иштери уланып жатат.

ИИМ интернет, телефон аркылуу каракчылык кылган шылуундар көбөйгөнүн билдирип, элди сак болууга, шектүү тиркемелерге жана шилтемелерге кирбөөгө чакырууда.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG