Киев Венгриянын бийлигин жети украин жаранын барымтага алды деп айыптады

Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига.

Расмий Киев Венгрия бийлигин Будапештте Украинанын жети жаранын барымтага алды деп айыптады. Бул тууралуу Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибига билдирди.

«Бүгүн Будапештте венгриялык бийлик Украинанын жети жаранын барымтага алды. Мунун себептери, алардын саламаттыгы жана алар менен байланышуу мүмкүнчүлүгү азырынча белгисиз», — деп жазды министр X социалдык тармагындагы билдирүүсүндө.

Сибиганын айтымында, кеп Украинанын ири банкы деп эсептелген «Ощадбанктын» кызматкерлери тууралуу болуп жатат. Алар Австриядан Украинага акча жана баалуу буюмдарды инкассациялык унаалар менен мамлекеттик банктардын ортосундагы кадимки жараяндын алкагында алып бара жатышкан.

Министрдин айтымында, Киев украин жарандарынын дароо бошотулушун талап кылган дипломатиялык нота жөнөттү.

«Ощадбанк» тараткан билдирүүгө ылайык, GPS автоунаалар Будапешттин борборундагы күч түзүмдөрүнүн бирине жакын жерде токтотулганын көрсөтүүдө. Ал эми банктын кызматкерлеринин так кайда экени азырынча белгисиз.

Маалыматта жүк эл аралык эрежелерге жана Европанын бажы процедураларына ылайык расмий катталгандыгы белгиленген. Машинелерде 40 миллион доллар, 35 миллион евро жана 9 килограмм алтын болгон. «Ощадбанк» өз кызматкерлерин жана мүлкүн дароо бошотууну, ошондой эле аларды Украинага кайтарууну талап кылды.

Буга чейин Венгрия Украинага Евробиримдик бөлө турган 90 миллиард евро өлчөмүндөгү насыя берүүнү бөгөттөп, Киевден «Дружба» мунай түтүгү аркылуу Борбордук Европага орус мунайын транзит кылууну кайра жандандырууну талап кылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 5-мартта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Украинага кредит берүү маселесин мындан ары да бөгөттөсө анын дарегин Украинанын куралдуу күчтөрүнүн жоокерлерине берерин айткан.

Дагы караңыз

Франция АКШга Истрес авиабазасын колдонууга уруксат берди"Суу менен кошо баары кымбаттайт". Депутаттын элди дүрбөткөн мыйзамыОшМУда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жөнүндө талкуу өттү