Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:33

"Суу менен кошо баары кымбаттайт". Депутаттын элди дүрбөткөн мыйзамы

Кыргызстанда ичүүчү жана саркынды сууга болгон тарифти кайра карап чыгуу сунушталды. Коомдук талкууга чыккан мыйзамдын автору, Жогорку Кеңештин депутаты Табылды Муратбеков тарифти көтөрүү учур талабы экенин экенин айтууда.

Эл арасында суунун баасын көтөрүү сунушу сынга кабылды. Мындан кийин эл өкүлү мыйзамды коомдук талкуудан чакыртып алганы белгилүү болду.

“Ичүүчү суу менен камсыздоо жана саркынды сууларды чыгаруу жөнүндө” мыйзам 4-мартта коомдук талкууга коюлган.

Мыйзамда учурдагы тариф элди суу менен камсыздоо өз чыгымын жаппай жатканы белгиленген. Айрым суу каналдарынын эскилиги жетип, көбү керектен чыкканы айтылган. Долбоор мурдагы мыйзамдагы мүчүлүштүктөрдү жоюп, мамлекеттик жана муниципалдык органдар ортосундагы коллизияны жоюуга багытталган. Мындан тышкары суу ресурстарын үнөмдүү пайдалануу, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртуу, инвестор тартуу ж.б. максаттар камтылган.

Жаңы мыйзам ишке кирсе, суунун метр кубунун баасы 14, 38 сомго көтөрүлүп, 36,99 чыгышы мүмкүн.

Мыйзамдын автору, депутат Табылды Муратбеков 6-мартта коомдук талкууга койгон мыйзамды кайра чакыртып алганын билдирди. Ал муну мыйзамдан баш тартуу эмес, кайра сапаттуу кылып иштеп чыгуу деп түшүндүрдү.

Эл өкүлү мыйзам тууралуу бурмаланган маалыматтар тарап кеткенин айтты:

Табылды Муратбеков.
Табылды Муратбеков.

“Мыйзамда ичүүчү суунун баасын көтөрүү деген маселе жок. Журналисттер башкача маалымат чыгарып жиберген экен. Бул техникалык эле мыйзам, ичинде жаңы түшүнүктөр бар. Мисалы, суу киргизип жатканда эсептегичтерди коюу, Суу департаментинин, жергиликтүү органдардын, муниципалдык ишканалардын жоопкерчилиги каралды дегендей. Талашка түшкөн жери - “Ченемдик укуктук актыны жөнгө салуу” документиндеги бүгүнкү күндөгү орточо суунун орточо баасы деген норма болууда. Таза суу системасын камсыздап кетүү үчүн канча сом керек деген суроо коюлуптур. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда суунун баасы ар кайсы жерде ар башка. Анткени кээ бир жерде агып келсе, башка жерде скважинадан алгандыктан ошого жараша аныкталат. 37 сом деген баа бул бир литр үчүн эмес. Бул миң литр же бир тонна суу үчүн баа. Мыйзамда суунун баасын так койгон жокпуз, андай норма жок”.

Муратбековдун айтымында, Кыргызстанда 1999-жылдан бери таза суу мыйзамы жаңыланган эмес. Ал мыйзам бүгүнкү доордун талаптарына ылайык жагдайлар такталып, жөндөлгөнүн айтууда.

“Мисалы, Жайыл районундагы бир айыл өкмөттө эл суу алыш үчүн электрге айына 20-25 миң сом чогултат. Ал акчасы жетпей кээде ар кандай уюмдардан жардам сурашат. Жарык өчкөндө жумалап суусуз отурууга аргасыз. Азыркы норма ишке кирсе, айыл тургундары ошондой түйшүктөн кутулат. Төлөнө турган сумма атайын калькуляция менен жашоочуларга бөлүнөт. Анын негизинде айылды үзгүлтүксүз суу алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Бул өз наркын эле жапсын деген сөз. Бизде эл таза сууга акча төлөбөйт, ошол сууну жеткирген кызмат акысын гана төлөйт. Жергиликтүү муниципалдык ишкананын элди тейлегени, скважинаны же түтүктөрдү оңдоп, жаңыртуу иштери ошол кызматтарга кирет. Кыргызстанда суу акысын жергиликтүү бийлик жергиликтүү кеңеш, Монополияга каршы агенттик менен бирге аныктайт. Мамлекет суунун баасына киришпейт”, - дейт депутат.

Эл ичүүчү сууга канча төлөйт?

Ичүүчү сууну жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин маалыматында, таза суу тарифин жөнгө салуу боюнча өкмөттүн 320-токтому бар.

Суу акысын эсептөө, бөлүштүрүү иштери ошол токтом менен жөнгө салынат. Токтомго ылайык, жергиликтүү бийлик тарифти суу системасына, чыгымдарына, электр баасына жараша эсептеп, калкульяция чыгаргандан кийин Монополияга каршы агенттигинин өкүлчүлүгүнө макулдашууга киргизет. Андан уруксат алган соң жергиликтүү кеңеш кароого тийиш.

Аталган департаменттин башчысы Азамат Шадманов коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна мындай баа берди.

“Бүгүнкү күндө тариф эсептегич бар жерлерде суунун бир метр кубуна эсептелет. Эсептегич жок болсо киши башына же бир кожолукка деп эсептелет. Изилдөөлөргө таянсак, бүгүн Кыргызстанда суунун тарифи төмөн. Бүгүнкү күндө эл аралык насыя, гранттардын эсебинен суу жаатында көп иштер жүрүп жатат. Алар курулуп бүткөндөн кийин, ошол түтүктөрдү сактап калууга тийишпиз. Анүчүн муниципалдык ишканада эмгектенгендердин айлыгын да көтөрүү керек. Сууну жеткирген бир, бирок андан ары тейлөө өзүнчө маселе. Сунушталган мыйзамда баа азыркы мыйзамдарга ылайык көтөрүлөт, жетпей калган акчаны жергиликтүү же республикалык бюджеттен субсидия кылуу керектиги айтылган”.

Шадыбековдун белгилешинче, Кыргызстанда сууга тариф ар бир жердин рельефине, аба ырайына, орнотулган системалардын чыгымына, калктын санына жараша орнотулат. Эл аз бирок системалар кымбат жерде баа жогору болсо, эл жыш жерде баа арзаныраак.

Талас районундагы айыл өкмөттөрдүн биринде жергиликтүү эл суу үчүн жан башына 25 сом төлөйт. Атын атагысы келбеген жергиликтүү адистердин бири жакындан тарта бааны көтөрүү сунушу каралып жатканын айтты:

“Биз айылдагы бузулган суу түтүктөрүн оңдойбуз, резервуарды тазалайбыз, санитардык иштерди жүргүзөбүз. Мурда эмгек акыбыз 10 миңдей эле болчу. Темир усталар беш, кароолчулар эки миң сомдун тегерегинде айлык алышчу. Элден бир айда араң 19-20 миңдей сом чогулчу. Ошону айлык кылып бөлүп алчубуз. Айлык аздыгынан адис да токточу эмес. Ошон үчүн кээ бир айылдарда АРИС куруп берген “Таза суу” долбоорунун куурлары иштен чыгып калды. Азыр эми айыл өкмөттөр ирилешип калбадыбы. Ага ылайык, өкмөттүн токтому менен муниципалдык ишкана болуп кайра түзүлдүк. Өзүбүздү толук каржылап кеткенче айыл өкмөттүн карамагында болобуз. Өткөндө тарифти көтөрүү боюнча сөз болгон. Мурдагыдай жан башына эмес, ар бир түтүнгө 200 сомдон болсун деп жатабыз. Аны деле эми Монополияга каршы агенттик, эксперттер карап чыгат да”.

"Тарифти көтөрүү депутаттын милдети эмес"

Анткен менен тарифке байланыштуу кабар коомдо түрдүү реакция жаратты. Кымбатчылык шартында сууга акыны көтөрүү элдин жонунан кайыш тилгенге барабар экенин айткандар болууда.

Чарбалык иштер өкмөттүн милдети экенин эске салып, долбоорду парламент депутаты алып чыкканына нааразылар да жок эмес.

Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ишенбай Кадырбеков эл өкүлдөрү ириде шайлоочулардын кызыкчылыгын коргошу керек дейт:

Ишенбай Кадырбеков.
Ишенбай Кадырбеков.

"Депутат болгондон кийин элдин учурдагы айлыгын, пенсиясын эске алса болмок. Баа өсүп, инфляция 7-10% чейин жетүүдө. Айлык, пенсия мурдагы бойдон калууда. Баары кымбаттап жатканда эл өкүлүнүн суунун тарифин көтөрүүнү сунуштаганы мени таң калтырды. Электр болсун, суу болсун бааны көтөргөндөн ошол эле тамак-аш кымбаттайт. Мисалы, Жапонияда ар квартал сайын мамлекет индексация кылып турат. Инфляция 5% өссө, ошого жараша айлык, пенсия, жөлөк пул да көтөрүлөт. Ошондуктан доллардын өйдө-ылдый болгонун жапондор анча деле сезбейт. Баа кымбат экенин туристтер гана байкашы мүмкүн. Баа маселесин өкмөт караш керек. Депутат болгондон кийин индексацияны сунушташ керек да. Элдин атынан парламентке келген соң элдин кызыкчылыгын коргош керек да".

Кыргызстанда ичүүчү сууга байланыштуу нааразылык 2023-жылы июль айында катталган. Селекция айылынын жана Сары-Өзөн жаңы конушунун тургундары бир канча күн суусуз отургандан кийин Бишкектеги Жайыл Баатыр (Түштүк магистраль) көчөсүн буушкан. Милиция бул акциядан кийин бир нече кишини суракка чакырып, үч кишини камакка алган.

Эксперт Хаитали Айкынов учурдагы шартта тариф маселесине кылдат карабаса, маселе саясатташып кетиши мүмкүн деген пикирде.

Хаитали Айкынов.
Хаитали Айкынов.

“Шаарларда жашоочуларга таза сууну жеткирүү, түтүктөрдү жаңыртуу баасы кымбат болууда. Азыр эми кымбатчылык болуп жатпайбы. Пайдалануучуда ошол бааны төлөгөнгө мүмкүнчүлүк барбы? Эгер тариф көтөрүлсө, калк көтөрө албашы мүмкүн. Буга чейин бааны кармап туруш үчүн жетпеген акчаны бюджет эсебинен субсидия катары төлөгөн учурлар болгон. Азыр эми кырдаалды эске алыш керек. Азыр коомчулукта кандайдыр бир деңгээлде чыңалуу бар. Электрдин баасын көтөрүүгө эл нааразы болгон учурларды, анын эмне менен бүткөнүн жакшы билебиз. Ошон үчүн бул маселеге кичине этияттык менен мамиле кылыш керек”.

Өткөн жылы Шопоков, Кемин жана Талас шаарларында суу эсептегичтер орнотулуп, тариф 30-40% көтөрүлөрү айтылган. Бул үчүн Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аталган үч калаанын калкын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын оңдоо иштерине 17 млн евро бөлгөн.

Ичүүчү сууну жана саркынды сууларды чыгаруу департаментинин жетекчиси Азамат Шадманов суу эсептегичтер акырындап бардык аймактарга коюларын билдирди.

“Кыргыз Республикасында системалар биринчи өкмөттүк резервден курулат. Экинчиси эл аралык банктар, каржы институттары аркылуу каржыланат. Банктар менен жүргөн долбоорлор болсо ал 100% ишке ашат. Эсептегичтер алынып, жергиликтүү бийликке өткөрүлөт, орнотуу милдети алардын моюнунда болот. Өткөн жылдын аягынан баштап биз дагы планга киргизе баштадык. Анткени сууну үнөмдөш керек. Демек, республикалык бюджеттин эсебинен да коюлуп жатат. Учурда курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө, мекемелерге суу эсептегич орнотуу талабы коюлуп жатат”.

Суу жаатында иштеген адистер борбор баштаган шаарлардагы суу түтүктөрү, саркынды суу тазалоочу жайлар эскиргенин, бузулса, кесепети оор болорун белгилешет. Алар көйгөйдү тарифти көтөрүү менен элди сууну үнөмдөөгө үйрөтүүнү сунуштап келишет.

Акыркы жолу Бишкек шаарынын мэриясынын 2023-жылдагы чечими менен бир метр куб суунун баасы шаар тургундары үчүн 8,1 сомдон 10,45 сомго; бюджеттик мекемелер үчүн 9,1 сомдон 12,95 сомго; башка керектөөчүлөр үчүн 13 сомдон 18,5 сомго кымбаттаган. Канализация үчүн тариф шаар тургундары үчүн 2,3 сомдон, 3,45 сомго; бюджеттик мекемелер үчүн 3 сомдон 4,5 сомго; башка керектөөчүлөр үчүн 6 сомдон 9 сомго көтөрүлгөн.

Шерине

XS
SM
MD
LG