Трамп Иранды "эч кандай шарт койбостон багынууга" чакырды

АКШ президенти Дональд Трамп.

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеран менен «шартсыз багынуудан» башка эч кандай келишимге барбай турганын билдирди. Бул тууралуу ал TruthSocial социалдык тармагына жазды.

«Андан кийин, УЛУУ жана ЫЛАЙЫКТУУ лидер (лидерлер) тандалган соң биз жана биздин көптөгөн мыкты, кайраттуу союздаштарыбыз жана өнөктөштөрүбүз Иранды аңдан сууруп чыгарып, анын экономикасын мурдагыдан да чоң, жакшы жана күчтүү кылуу үчүн тынбай иштейбиз», — деп жазды Трамп 6-мартта.

5-мартта Ак үйдө сүйлөгөн сөзүндө Трамп Ирандын коопсуздук күчтөрүн эл тарапка өтүүгө жана 1979-жылдагы Ислам революциясынан бери өлкө башында турган бийликти кулатууга жардам берүүгө чакырган.

Ага чейин Дональд Трамп АКШ Ирандын кийинки лидерин тандоого көмөктөшөрүн айткан.

Бул билдирүү Иранды узак жылдар жетектеген Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин биргелешкен аба соккуларында өлтүрүлгөндөн кийин жасалды.

Рейтер агенттигине курган маегинде Трамп маркум жогорку лидердин уулу, атасынын ордуна келиши мүмкүн экени айтылган талапкерлердин бири, консервативдүү саясатчы Можтаба Хаменеини "салмагы жок адам" деп мүнөздөгөн.

Ал арада Израил Тегеранга сокку урууну улантып жатат. Ал эми Иран 28-февралдан бери жооп катары Перс булуңундагы мамлекеттердин аймагында жайгашкан аскердик базаларды жана башка инфраструктураны бутага алууда.

Дагы караңыз

Ирандын президенти: Бир нече өлкө жаңжалды токтотуу үчүн ортомчулук аракетин көрүүдөАзербайжан Ирандагы дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып кетерин билдирдиТокмок шаарынын мэри алмашты