Расмий Баку Ирандан өзүнүн дипломатиялык кызматкерлерин чыгарып кетет. Бул тууралуу Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов билдирди.
«Бул процесс Тегерандагы элчиликке да, Тебриздеги башкы консулдукка да тиешелүү. Азыр бул багытта тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат», — деди Байрамов маалымат жыйынында.
Министр аймактагы учурдагы кырдаалды эске алып, адамдардын өмүрүн коркунучка салуу болбой турганын белгилеп, кызматкерлерди эвакуациялоого даярдык көрүлүп жатканын айтты.
5-мартта Азербайжандын Нахчыван аймагына төрт дрон менен чабуул жасалганы кабарланган. Бийликтин маалыматына караганда, алардын бири аэропорттун терминал имаратына тийсе, экинчиси Шекерабад айылындагы мектептин жанына кулаган. Чабуулдан төрт адам жаракат алган.
Баку бул окуя үчүн Тегеранды жооптуу деп атады. Азербайжандын Тышкы иштер министрлиги жана Коргоо министрлиги жооп чаралары көрүлүшү мүмкүн экенин эскертип, Ирандын Бакудагы элчисине нааразылык нотасын тапшырды. Президент Илхам Алиев бул окуяны «теракт» деп атап, Ирандан расмий түшүндүрмө берүүнү, кечирим суроону жана күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылды.
Ал эми Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы дрондорду учурууга өлкөнүн тиешеси жок экенин билдирди. Алар тараткан маалыматта Иран «бардык өлкөлөрдүн, айрыкча мусулман жана коңшу мамлекеттердин суверенитетин урматтайт» деп белгиленген.
Иран тарап бул чабуул үчүн Израилди жооптуу деп атады. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Жейхун Байрамов менен телефон аркылуу сүйлөшүп, ирандык тарап жана аскерлер бул окуя боюнча иликтөө баштаганын маалымдады.
Шерине