Чүй облустук милициясынын басма сөз кызматы Даниел Ажиевдин кармалышы тууралуу 6-мартта маалымат таратты. Анда Ажиев ушул эле күнү Токмок шаарынын айланма жолунда кармалганы айтылат.
Милиция ага Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатысыз мыйзамсыз даярдоо”) негизинде кылмыш ишин козгогон.
Ажиев облустук милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды.
Ички иштер министрлиги Ажиевдин кармалганын буга чейин ырастаган.
Мунун алдында эле Ажиевдин абактан тик учак менен чыгып кеткени тартылган тасма социалдык тармактарга тарап, маалыматты 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Азаттыкка" ырастаган. Тик учак үчүн 268 миң сом ижара акысы төлөнгөнүн, ижара тууралуу буюртманы Ажиевдин жакындары беришкенин билдирген. Бул окуя коомчулукта талкуу жаратып, нааразы пикирин айткандар болгон.
Даниел Ажиев президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен абактан чыкканын мамлекет башчынын администрациясы 18-февралда билдирген. Президент 6-мартта анын абактан чыгышы боюнча комментарий берип, апасынын кайрылуусунан улам ырайым бергенин түшүндүргөн.
“Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем. Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ажиев машина менен үйүнө кетти”, - деген Жапаров.
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин 160- (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161- (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261- (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 220 миң сом айып салган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү кийинки инстанциялар күчүндө калтырган.
Даниел Ажиевдин мамлекетке алынган мүлкүнүн жалпы баасы 262 миллион сомду түзгөн.
Аны менен кошо айыпталгандардын бирине 220 миң сом айып салынып, сегиз жылга эркинен ажыратуу чечими чыгып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган. Дагы бир шектүү кылмышка тиешеси жок болгону үчүн күнөөсүз деп табылган.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2023-жылы июнда Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет-сайттарда) акчага интимдик кызмат көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.
Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана ага кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.
Ал 2023-жылы 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенине байланыштуу издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракет кылып жатканда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлгөн.
Шерине