Бириккен Улуттар Уюмунун Негизсиз кармоо маселелери боюнча жумушчу тобу кыргызстандык саясатчылар жана укук коргоочулар – Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Гүлнара Журабаева, Асия Сасыкбаева жана Перизат Суранованын кармалышын негизсиз деп таап, бул аракет адам укуктарын коргоонун эл аралык ченемдерин бузган деп чечим чыгарганы белгилүү болду.
Бул тууралуу Freedom for Eurasia укук коргоо уюму маалымат таратып, жумушчу топтун тыянагын кубаттады.
БУУнун алкагында былтыр ноябрда кабыл алынган корутундуда кыргызстандык беш аялдын абакка кесилиши Адам укуктарынын жалпы декларациясынын төрт, Кыргызстан мүчө болгон Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пакттын төрт беренесин бузары көрсөтүлгөн.
Жумушчу топ алардын 2022-жылы Кемпир-Абад иши боюнча “массалык башаламандыктар” жана "бийликти күч менен басып алууга аракет кылууга” айыпталганы негизсиз болгонун, 19 айга жакын абакта кармоонун зарылдыгы болбогонун жазган.
Бишкек шаардык соту 2024-жылы бул иш боюнча айыпталуучуларды актаган чечим чыгарганы менен аларга үй камагы сыяктуу чектөөлөр кала бергени белгиленген.
Укук коргоочу Рита Карасартованын 2025-жылы Тилекмат Кудайберген уулунун катын социалдык тармактарга бөлүшкөнү үчүн кайра камакка алынганын уюмдун эксперттери сын айткан активисттерди ооздуктоо же өч алуу мүнөзүндөгү куугунтук катары мүнөздөшкөн.
Уюм белгиленгендей, БУУнун жумушчу тобу кыргыз бийлигин беш кыргызстандык аялга коюлган бардык чектөөлөрдү алып, укуктары бузулганы үчүн кенемте төлөп берүүгө жана алардын кармалышынын жагдайлары боюнча көз карандысыз иликтөө жүргүзүүгө чакырган. Мындан тышкары жарандардын аракетин чектеген мыйзамдарды кайра карап чыгуу чакырыгы жазылган.
БУУнун жумушчу тобунун чакырыгы боюнча кыргыз бийлиги комментарий бере элек.
Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин билдирген 27 саясатчы, активист жана укук коргоочу 2022-жылы октябрда камалган. Алардын катарында БУУнун жумушчу тобу белгилеген Клара Сооронкулова, Рита Карасартова, Гүлнара Жоробаева, Асия Сасыкбаева жана Перизат Суранова да бар. Алардын айрымдарынын иши өзүнчө бөлүнүп алынган.
2024-жылы 14-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунун судьясы Марат Сыдыков Кемпир-Абад иши боюнча “Массалык башаламандыктар” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен шек саналган 22 саясатчыны жана активистти актаган. Июль айында Башкы прокуратура Биринчи май райондук сотунун өкүмүнө каршы шаардык сотко апелляциялык арыз берген.
Рита Карасартовага 2025-жылы козголгон кылмыш иши боюнча Свредлов райондук соту сентябрда чечим чыгарган. Анда Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен күнөөлүү деп таап, беш жыл пробациялык жаза берип, сот залынан бошоткон. Ал эми “Бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар” беренеси боюнча 50 миң сом айып пул салган. Декабрда Бишкек шаардык соту биринчи инстанциянын чечимин күчүндө калтырган.
Укук коргоочу бул айыптарды четке кагып келет.
Шерине