Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:50

Омандан дагы 85 кыргызстандык алып келинди

"Манас" аэропорту
"Манас" аэропорту

6-мартка караган түнү, саат 02:45те Омандан учуп келген эвакуациялык каттам "Манас" аэропортуна конду.

Учак менен Кыргызстандын Перс булуңундагы 85 жараны алып келинди. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасы кабарлады.

Маалыматка ылайык, каттам Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги, Жарандык авиация агенттиги жана "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынын биргелешкен аракетинин натыйжасында ишке ашырылды.

Каттамды "Аэро Номад Эйрлайнс" компаниясы жүргүздү.

Перс булуңунда калып калган кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо жараяндары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жүргүзүлүүдө. 4-мартта Жиддадан Бишкекке жана Ошко 210 кыргызстандык жеткирилген.

Президент Садыр Жапаров Оман мамлекетинен эки учак менен 300 киши алынып келинерин билдирген.

Тышкы иштер министрлиги учурда кырдаал курчуп турган Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.

Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашайт. Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин виза мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган.

ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат. (ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG