Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Март, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:58

Президент Садыр Жапаров Ажиев тууралуу айтылган сындарга жооп берди

Садыр Жапаров.
Садыр Жапаров.

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине маек куруп, коомчулукта талкуу жараткан айрым маселелерге комментарий берди.

Алардын ичинде вебкам иши боюнча соттолуп, 17-февралда жаза аткаруу абагынан мөөнөтүнөн мурда бошотулган Даниел Ажиевге ырайым берилиши жана анын тик учак менен учуп кеткени тууралуу да комментарий берди.

Мамлекет башчы өзүнө Ажиевдин апасы баласына ырайым беришин сурап, жеке Вотсап номуруна видео аркылуу чалганын, уулу жок жашоосу оорлоп кеткенин айтып ыйлаганын айткан.

"Мен боорукер адаммын. Чындап эле ишенип, ырайым бердим. Бир эле Ажиевге эмес, ошол күнү жалпысынан оор эмес кылмыш кылган 75 соттолуучуга ырайым бергем. Анан эле мага “Ажиев түрмөдөн тик учак менен учуп кетип жатат” деген кабар келди. Дароо ошол замат тик учакты кайра артка кайтартып, учкан ордуна кондурдук. Ажиев машина менен үйүнө кетти. “Тик учак менен учуп кетти” деген маалымат чын. Бирок 15 мүнөт өтпөй учакты артка кайтартып, учкан ордуна кондурганбыз", - деген Жапаров.

Президент Ажиевдин түрмөдөн чыгышына тик учак берген Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин эч кандай күнөөсү жоктугун, министрликтин карамагындагы тик учактар коммерциялык буюртмаларды дагы аткара берерин белгилеген.

Садыр Жапаров Даниел Ажиевдин тик учак менен учканы өзү үчүн да күтүүсүз болгонун айткан:

"Мен дагы угар замат дендароо боло түштүм. Апасы “итке минип калдык” деп ыйлап атса, баласы түрмөдөн тик учак жалдап учуп жатса, “мени алдаган экен да” деп. Негизи менин боорукерлигимди жана жумшак мамиле жасаганымды көптөр пайдаланышат. Бирок көпкө узашпайт. Жумшак кишилердин катуулугу кармаса, таптакыр жазылбайт эмеспи".

Президент кабарчынын абактагы акын Аскат Жетиген боюнча суроосуна жооп берип жатып, ырайымды тандап бербесин, ким ырайым сурап, арыз менен арызынын негизинде чечим кабыл аларын айтып, "арыз менен кайрылса, аны да караганга даярбыз" деген.

Вебкам иши боюнча соттолгон Даниэл Ажиев абактан тик учак менен чыгып кеткени тартылган тасма социалдык тармактарга тарап, маалыматты 5-мартта Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Азаттыкка" ырастаган.

Ажиев тик учак үчүн 268 миң сом ижара акысы төлөнгөнүн, ижара тууралуу буюртманы Ажиевдин жакындары беришкенин билдирген. Бул окуя коомчулукта талкуу жаратып, нааразы пикирин айткандар болгон.

Даниел Ажиев президент Садыр Жапаровдун ырайымы менен абактан чыкканын мамлекет башчынын администрациясы 18-февралда билдирген.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 2024-жылдын 31-июлунда Ажиевди Кылмыш-жаза кодексинин 160- (“Сойкулукту жана ыпластыкты интернет тармактары (вебкам-студиялар) аркылуу уюштуруу жана аларга көмөктөшүү”), 161- (“Порнографиялык мүнөздөгү буюмдарды таратуу”), 261- (“Уюшкан топту түзүү же ага катышуу”) жана 215-беренелери (“Алдоо же ишенимге кыянаттык кылуу жолу менен мүлктүк залал келтирүү”) боюнча күнөөлүү деп таап, ага 220 миң сом айып салган. Сот анын мүлкүн конфискациялоо менен тогуз жылга абакка кескен. Бул өкүмдү кийинки инстанциялар күчүндө калтырган.

Даниел Ажиевдин мамлекетке алынган мүлкүнүн жалпы баасы 262 миллион сомду түзгөн.

Аны менен кошо айыпталгандардын бирине 220 миң сом айып салынып, сегиз жылга эркинен ажыратуу чечими чыгып, төрт жылдык пробациялык мөөнөт менен бошотулган. Дагы бир шектүү кылмышка тиешеси жок болгону үчүн күнөөсүз деп табылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) 2023-жылы июнда Даниел Ажиев жетектеген “трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердигине бөгөт коюлганын” кабарлаган. УКМКнын маалыматы боюнча, ал ээлик кылган үч чоң студияда тинтүү жүргүзүлүп, 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет-сайттарда) акчага интимдик кызмат көрсөтүү үчүн колдонулган 80 компьютер табылган.

Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттерде да Даниел Ажиев түзгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, көп суммада киреше алып турганы жана ага кыздар тартылганы аныкталган. Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалаган.

Ал 2023-жылы 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткенине байланыштуу издөө жарыяланып, УКМКнын өтүнүчү менен Өзбекстандан Бириккен Араб Эмираттарына (БАЭ) учууга аракет кылып жатканда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлгөн.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG