Расмий Бишкек тараптарды Жакынкы Чыгышта ок атышууну токтууга чакырды

Бейрут шаары. Иран.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Жакынкы Чыгышта чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануусун билдирип, ок атышууну токтотуп, жаңжалды эл аралык укуктун талаптарына жана Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) уставына ылайык тынчтык жолу менен жөнгө салууга чакырды.

Бул тууралуу ал 7-мартта Стамбулда өткөн Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Тышкы иштер министрлеринин кеңешинин бейформал жыйынында айтты.

Министр андан тышкары Пакистан – Ооганстан чек арасындагы кырдаалга да токтолуп, аймактагы коопсуздук үчүн Ооганстандын өнүгүшү маанилүү экенин билдирди.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку уруп жатат. (BTo)

Дагы караңыз

Өзбекстанда жазасын өтөп жаткан аялдар кесипке ээ болуу үчүн аралыктан окуй алышатУкраина Венгриядан "Ощадбанктын" акчасын жана алтынын кайтаруусун талап кылдыМожтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болуп шайланды"Азаттыктын" каарманы, мугалим Мээрим Токоевага президенттин атынан белек тапшырылды Бишкекте аялдардын укуктарын коргоону талап кылган акция өттүИранда жаңы жогорку лидер шайландыОрусия Украинага 117 дрон менен сокку урду