Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Март, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:44

Можтаба Хаменеи Ирандын жогорку лидери болуп шайланды

Можтаба Хаменеи.
Можтаба Хаменеи.

Иран Ислам республикасынын жетекчилери катуу позициясы менен белгилүү Можтаба Хаменеини маркум аятолла Али Хаменеинин ордуна жогорку лидер кылып тандашты. Бул чечим АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы тандалган адам АКШнын макулдугусуз “узакка кармала албайт” деп эскерткенден кийин кабыл алынды.

Можтаба маркум Али Хаменеинин уулу. Жаңы лидерди шайлоого жооптуу болгон Ирандын Эксперттер ассамблеясы 8-мартта тараткан билдирүүсүндө «Ыйык Иран Ислам Республикасынын системасынын үчүнчү жогорку лидери катары аятолла Сеййед Можтаба Хоссейни Хаменеи дайындалды жана тааныштырылды», - деп жазылат.

Жогорку лидер катары Можтаба Хаменеи мамлекеттеги бардык маселелер боюнча акыркы чечимди кабыл алуу укугуна, дегеле абдан кең ыйгарым укуктарга ээ болот.

Аятолла Али Хаменеи 28-февралда АКШ менен Израилдин аба соккусунда каза болгон.

Буга чейин Дональд Трамп Можтаба Хаменеинин талапкерлиги “кабыл алынгыс тандоо” болорун айткан.

АКШ президенти Тегеранды каршылыгын токтотуп, багынууга чакырып келген жана америкалык ABC телеканалына берген маегинде Вашингтондун макулдугусуз Ирандын жаңы лидери “узакка кармала албайт” деп билдирген.

Чечимди жарыялаганда Ирандын Эксперттер ассамблеясы мындай тандоо «курч согуштук абалга жана душмандардын түз коркутууларына карабастан» кабыл алынганын билдирди.

Шерине

XS
SM
MD
LG