Соттун чечиминен кийин айрым укук коргоочулар сот жоопкерчилигине тартылган журналисттерге карата катаал мамиле өзгөрүүсүз калып жатканын айтып, нааразылыгын билдиришти.
Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана бул долбоорлорго катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапкан Октябрь райондук сотунун чечимин 9-мартта Жогорку сот күчүндө калтырды.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Temirov Live, Kloop.kg, "Айт айт десе" боюнча сот өкүмү
Сотко жазган кассациялык арызында адвокат Нурбек Токтакунов буга чейинки соттук-лингвистикалык жана соттук-психологиялык эксперттердин бүтүмү негизсиз экенин билдирип, ал жалпыланып жазылып калганын белгилеген.
Нурбек Токтакунов
"Өкүмдүн текстинде Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа долбоорлору уюм катары эсептелип, алардын жарыялаган материалдарын экстремисттик деп санап жатат. Бирок, бул деген медиадолбоор, бул уюм эмес. Прокурордун арызында соцтармактагы аккаунттар кайсы белги жана критерий менен уюм катары каралып калганы түшүндүрүлгөн эмес. Мыйзамда формалдуу эмес, катталбаган уюмдардын болушу каралган. Бирок аларды экстремисттик уюм катары таануу үчүн алардын уюшкан кылмыш топ же кылмыштуу бирикме экенин далилдөө керек".
Мындан тышкары Токтакунов тергөөнү жүргүзгөн УКМК жана прокуратура өкүлдөрү “Клооп Медианын” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшиндин мыйзамдуу өкүлү бар экенине карабастан Октябрь райондук сотундагы отурумду айыпталуучулар тарапсыз өткөргөнүн белгилеп, ишти алып барган атайын кызмат, прокуратура жана судьянын аракеттерине укуктук баа берилиши керек деп эсептейт. Ал ушул талап менен Башкы прокуратурага 6-мартта арыз менен кайрылганын кошумчалады.
"Сот чечиминде Тухватшин, Темировдун ишмердүүлүгү экстремисттик деп таанылып жатат. Жеке адам экстремисттик аракеттери үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат жана кылмыш өндүрүшүндө каралат. Прокуратура дагы, атайын кызмат дагы Тухватшинге карата кылмыш иши азыр иликтөө стадиясында турат, алар сотко дагы жөнөтүлө элек. Клооптун техникалык кызматкерлерине байланыштуу каралган кылмыш ишинде алар уюштуруучунун көрсөтмөлөрүн "аткаруучу" катары белгиленген. Айыптоочу тараптын көз карашында Тухватшин уюштуруучу болуп саналат. Бирок ага карата өкүм жок, бул иштин алкагында алар бул токтомдорду дагы карашы керек эле".
Нурбек Токтакуновдун жүйөлөрүнө Башкы прокуратуранын прокурору Айнура Иманалиева жооп берип, мыйзамда жазылган бир катар беренелерди атады. Ал Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууга бир эмес, эки эксперттин бүтүмү жетиштүү болорун да кошумчалады.
"Арыз ээси негизги доомат катары сот кызыкдар тараптарды түшкөн арыз тууралуу кабардар кылбай туруп, аны өндүрүшкө алып, сот отурумун белгилегенин айтып жатат. Бирок прокуратуранын арызына көңүл бура турган болсок, арызда биз Чек ара кызматынын маалыматын белгилеп жана ага таянып жатабыз. Алар кызыкдар тараптар өлкөдөн чыгып кеткенин жана алардын кайда жүргөнү белгисиз экенин маалымдаган. Арызда көрсөтүлгөн адамдардын сот отурумунун убактысы жана орду жөнүндө тийиштүү түрдө кабардар кылынгандан кийин сотко келбей калышы ишти кароого тоскоол болбойт. Ошондуктан, биз сот 151-беренени бузган эмес деген тыянакка келдик. Сот арызда көрсөтүлгөн адамдарга, тактап айтканда, атайын кызматка жана Байланыш кызматына кабарлаган. Мен бул ишти маңызы боюнча жокко чыгарууга же токтотууга эч кандай юридикалык негиз жок деп эсептейм. Ошондуктан, кассациялык даттануу канааттандырылбашы керек деп эсептейм. Октябрь райондук сотунун чечимин күчүндө калтырууну суранам".
Ошентип, жыйынтыгында Жогорку соттун Батыралиев, Мухамеджанов жана Эсеналиев аттуу коллегиялык судьялары Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун өткөн жылы 27-октябрдагы чечимин өзгөртүүсүз калтырды. Анда Temirov Live, Kloop.kg жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана бул долбоорлорго катышкан журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин экстремисттик деп тапкан.
Ага ылайык, аталган долбоорлордун интернетте жарыяланган материалдарына “жакты” белгисин басууга жана социалдык тармактарда бөлүшүүгө болбойт. Себеби, бул экстремисттик уюмду колдоо жана экстремисттик материалдарды жайылтуу деп саналышы мүмкүн. Соттун соңку чечими тууралуу укук коргоочу Риата Карасартова буларды айтты:
Рита Карасартова
"Бүгүнкү соттук отурум саясий өңүттө жүргөн иштер боюнча өзгөрүүлөр болобу деген суроого так жана даана жооп болду. Адвокат Жогорку сотко жазган кайрылуусунда бул иште бардыгын өз ордуна коюп, айырмалап берүүнү суранган. Маселен, райондук сот жалпылап эле медиа долбоорлордун материалдарын "экстремисттик" деп жана аларды негиздеген, жетектеген адамдардын ишмердүүлүгүн да "экстремисттик" деп таап койгон. Бул мыйзамдан аша чабуу, орусча айтканда "подмена понятий" кылып атканын бүгүн далилдешти. Алар айыпталуучулар кайсы материалы "экстремисттик" экенин белгилей албаса да аларга карата ушундай өкүм чыгарды. Демек, убагында эч негизсиз козголгон кылмыш иштери кайра каралат, соттор кандайдыр бир адилет чечим чыгарат, алар мыйзам чегинде иштеп, тергөөчүлөрдүн туура эмес иштерин көзгө сайып көргөзөт деген өзгөрүү болбойт".
Дагы караңыз "Клооптун" мурдагы операторлору пробация менен бошотулду2024-жылдын сентябрында “Клооптун” сайты Жогорку соттун чечими менен бөгөттөлгөн бойдон иштебей турганы менен анын материалдары социалдык түйүндөрдөгү баракчаларына жарыяланууда. “Клооптун” негиздөөчүлөрүнүн бири Ринат Тухватшин коопсуздук чараларынан улам ушул тапта чет өлкөдө жашайт.
Temirov Live жана “Айт Айт Десе” медиа-долбоорлорун негиздеген иликтөөчү журналист Болот Темиров “Кыргызстандын паспортун мыйзамсыз алган, документи жараксыз” деген соттун чечими менен 2022-жылы Орусияга мажбурлап чыгарылган. Ал эми анын жубайы, медианын директору Махабат Тажибек кызы “Массалык башаламандыктар” беренеси менен айыпталып, алты жылга кесилген, азыр абакта отурат.