Токмоктун мурдагы мэри абактан чыгып, иш кайра кароо үчүн райондук сотко жөнөтүлдү

Максат Нусувалиев. Архив сүрөт.

Бишкек шаардык соту 10-мартта Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адиске (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысына (К.Т.Э.) чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөттү.

Алардын баары теӊ камактан бошотулуп, үй камагына чыгарылды. Маалыматты 11-мартта Бишкек шаардык соту ырастады.

Бишкектин Октябрь райондук соту 2025-жылдын ноябрь айында Максат Нусувалиевди 13 жылга кескен. Дагы үч шектүүнүн (К. Т. Э, Т. у. А. жана И. Г. Ж.) ар бири 12 жылдан эркиндигинен ажыратылып, дагы бир шектүү (А. А. Ж.) 11 жылга соттолгон. Сот андан тышкары алардын мүлкүн конфискация кылган.

Максат Нусувалиев жана башка шектүүлөр былтыр 24-июнда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмокто жыйын учурунда кармалган.

Аларга “Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган” деген айып тагылып, Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон.

Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматына 2023-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген. (BTo)

Дагы караңыз

Орусия "Медузанын" журналисти Дмитрий Кузнецти 2,5 жылга сыртынан соттодуХегсет Иранга "эң катуу" соккулар урулуп жатканын билдирдиБУУ: Согуш башталгандан бери Ливанда 84 бала каза тапты, 667 миң киши жер котордуМэр Жунушалиев Конгантиевдин мүлктөрү жөнүндө тараган видеого комментарий бердиИран: Сакчылар корпусу "бир литр мунай да экспорттолбойт" деген буйрук бердиӨкмөт автоунаалардын туннелдер аркылуу өтүү акысын бекиттиКызматтан алынган Шамыркановго каршы жазылган арыз боюнча кылмыш иши козголду