АКШнын коргоо министри Пит Хегсет 10-март Иранга операция башталгандан бери “эң катуу (интенсивдүү)” сокку урулган күн болорун эскертти.
“Эң көп сандагы истребителдер, максималдуу сандагы бомба таштоочу учактар, максималдуу соккулар, мурда болуп көрбөгөндөй эң так жана сапаттуу чалгын маалыматтары”, - деп айтты брифинг учурунда министр.
Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп соккулар “жакын арада” токтоорун айткан.
Пентагондун башчысы күтүлүп жаткан соккулардын көлөмүн тактаган жок, бирок Ирандын ракеталарын жана аскердик өнөр жайынын дараметин, аскердик флотун жок кылуу максаты турганын белгиледи.
Социалдык тармактарга 10-мартта чыккан маалыматтарга ылайык, Тегеран, Караж, Исфахан, Занжан, Тебриз, Арак, Бушер жана башка шаарларда буга чейинкиден масштабдуу, кубаттуу чабуулдар, жарылуулар болду.
АКШ менен Израил Ислам жумуриятына соккуларды 28-февралда ура баштаган. Иран ага жооп кайтарып, Израилди жана америкалык базалар жайгашкан Перс булуңундагы өлкөлөрдү дрон жана баллистикалык ракеталар менен аткылап келди.
Биргелешкен штабдардын командачысы генерал Дэн Кейн Ирандан атылган ракеталардын саны 90%, пилотсуз учактардын соккулары 83% азайганын билдирди. Генералдын айтымында, Кошмо Штаттар операциянын 10 күнүндө 5 миңден ашуун бутага, анын ичинде 50 кемеге сокку урду.
HRANA укук коргоо уюмунун маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Иранда бери дегенде 1700 киши, арасында аскерлер каза тапты.
Шерине