11-мартка карата аз камсыз болгон, жаш балалуу үй-бүлөлөрдөн "Социалдык келишим" долбооруна 1825 арыз келип түштү. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинен 607 үй-бүлө менен келишим түзүлдү. Келишимдердин жарымынан көбү айыл чарба багытында ишкерлик кылууга багытталган.
Министрлик аталган келишим боюнча арыздарды кабыл алуу уланып жатканын кошумчалады.
Аз камсыз болгон жана жакыр үй-бүлөлөргө жардам берүүгө багытталган “Социалдык келишим” программасы 2022-жылдан бери иштеп келе жатат. Бул аралыкта долбоор алкагында 48 557 үй-бүлө менен социалдык келишим түзүлдү. Алардын 73,3% айыл чарба, 13,8% өндүрүш, 6,7% соода-сатык жана 6,2% кызмат көрсөтүү тармактарында иш алып барышат.
Башында социалдык контракттын өлчөмү 100 миң сомду түзсө, 2025-жылдан тартып 150 миң сомго чыгарылган. Аталган программанын негизинде быйыл дагы 13 333 үй-бүлөгө 150 000 сомдон берилет.
“Социалдык келишим” менен иштеп жаткандардын 94,2% элетте жашаган аялдар. Ошондой эле долбоордун алкагында 57 миңден ашуун кошумча жумуш орундары түзүлгөн.
Акыркы эки жылдан бери социалдык контракттын негизинде социалдык колдоо программаларынын катышуучуларына ишкердикти өнүктүрүү үчүн 200 миң сом өлчөмүндө пайызсыз насыя үч жылдык мөөнөткө берилип келет.(ZKo)