Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:29

ИИМ журналист Алтынай Арстанбекова камалганын ырастады

Алтынай Арстанбекова
Алтынай Арстанбекова

Ички иштер министрлиги журналист Алтынай Арстанбекова кармалып, камакка алынганын ырастаган маалыматты 11-декабрдын кечинде таратты.

Анда 2026-жылдын 9-мартында социалдык тармактарга жүргүзүлгөн мониторингдин жыйынтыгында Facebook социалдык тармагындагы Даниэль Жоошбаев аттуу аккаунттун колдонуучусу аркылуу бийликти каралоого жана коомдук-саясий абалды курчутууга багытталган материалдар жарыялангандыгы аныкталганы айтылат. Сөз болгон аккаунттан айрым басылмалардын астындагы комментарийлерде коомдук кырдаалды туруксуздаштырууга жана башаламандыктарга алып келиши мүмкүн болгон билдирүүлөр жазылганы белгиленген.

"Аталган факт Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренеси (Массалык башаламандыктарга чакыруу) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө ИИМ жана УКМК кызматкерлери тарабынан Даниэль Жоошбаев аттуу жалган аккаунттун ээси жана колдонуучусу журналист, 1976-жылы туулган А.А. экендиги аныкталып, кармалган", - деп жазылган маалыматта.

ИИМ билдиргендей, 10-мартта Арстанбекованын үйү тинтилип, техникалык каражаттар жана буюмдар - уюлдук телефондор, планшеттер, ноутбуктар, видеокамера, документтер алынган. 11-мартта журналист Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына камалган. Тергөө иштери уланууда.

Буга чейин Алтынай Арстанбекова социалдык тармактарда фейк баракчадан чыккан постторго байланыштуу козголгон кылмыш ишинин негизинде кармалганы кабарланган. Мунун алдында Фейсбукта эркек кишинин аты менен ачылган баракчаны Алтынай Арстанбекова колдонуп келгени тууралуу билдирүүлөр чыккан. ИИМ маалымат бере элек болчу.

Сөз болгон баракчада бийликти сындаган, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевди колдогон постторду көрүүгө болот.

Алтынай Арстанбекова буга чейин Next TV телеканалында иштеген. Акыркы жылдары эркин журналист экенин айтып, Фейсбуктагы баракчасында бийликти сындап келаткан.

Шерине

XS
SM
MD
LG