"Бир дүйнө–Кыргызстан" уюму балдардын сырттан диний билим алуусун тыюу мыйзамына каршы чыкты

Иллюстрациялык сүрөт.

"Бир дүйнө–Кыргызстан" укук коргоо уюму жашы жете элек балдардын чет өлкөлөрдөн диний билим алуусуна тыюу салуу жөнүндөгү мыйзам долбооруна каршылыгын билдирүүдө. Уюм 12-мартта тараткан билдирүүсүндө Жогорку Кеңештин кароосуна жиберилген мыйзам долбоору Конституцияга каршы келерин белгилеп, аны кайтарып алууга чакырды.

Уюм долбоордо кайсы окуу жайлары балдардын жана мамлекеттин коопсуздугуна коркунуч жаратуучу "деструктивдүү" мүнөздөгү мектептер деп эсептелери так жазылбаганын белгилеп, чектөө чет жактагы диний билим берүүчү бардык окуу жайларга карата киргизилип калышы мүмкүн экенин айтууда.

Ошондой эле "Бир дүйнө–Кыргызстан" бул мыйзам долбоору жарандардын дин ишеними, билим алуу, маалымат алуу жана башка эркиндиктерин чектейт деп эсептейт.

"Диний чөйрөдөгү бир катар мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү" жөнүндө мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 23-февралда киргизилген. Анда Балдар кодексине, "Сырткы миграция тууралуу", "Билим алуу жөнүндө жана "Дин ишеними эркиндиги жана диний уюмдар тууралуу" мыйзамдарга өзгөртүү киргизүү каралган.

Документте Кыргызстандын 18 жашка толо элек жарандарына диний билим алуу үчүн чет өлкөлөргө чыгуусуна толук тыюу салуу каралган. Андан тышкары бул максатта балдарын чет өлкөлөргө чыгарган ата-энелердин жоопкерчилиги да киргизилип, жарандар үчүн 20 миң сом, мекеме-уюмдар үчүн 65 миң сом өлчөмүндө айып пул каралган.

Демилгенин авторлору мыйзам долбоору президенттин тапшырмасы менен даярдалганын, балдар укугу менен кызыкчылыгын коргоого, улуттук коопсуздукту камсыздоого багытталганын билдиришкен. Алардын маалыматына караганда, өспүрүмдөр кээде чет өлкөлөрдөгү деструктивдүү мүнөздөгү диний билим берүүчү мекемелерден окутулган учурлар бар, бул алардын радикалдуу же экстремисттик түзүмдөргө аралашып калуу коркунучун жаратышы мүмкүн.

Президент Садыр Жапаров былтыр декабрдагы Элдик курултайда диний окуу жайларды бирдиктүү стандарттарга киргизүү жана аларды борборлоштуруу зарылчылыгын айтып, тийиштүү тапшырмаларды берген. Көп өтпөй, 31-декабрда Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы ар бир облуста борбордук жогорку диний окуу жай түзүү чечимин кабыл алган. Чечимге ылайык, бул мекемелер ошол аймактагы медреселер үчүн окуу-методикалык жана координациялык борбор катары кызмат кылат. Мындан тышкары ар бир райондо борбордук орто диний окуу жай ачылып, ошол райондогу медреселерге окуу-методикалык жардам көрсөтөт.

Расмий маалымат боюнча Кыргызстанда 2,6 миңдей мечит, 100дөй медресе, бир ислам университети, 10дон ашуун ислам институту бар.(ZKo)

Дагы караңыз

34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталдыЖК Боршайкомдун мүчөлөрүнүн санын кыскартууну 1-окууда колдодуМилиционерди уруп, көзүн жабыркатууга шектелген жаран кармалды Бишкекте коомдук ашканадан уулангандар саны 20га жетти, бирөө реанимациядаЧүйдө күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалды