Былтыр Кыргызстанда адамдар интернет шылуундарга 826 млн сом алдаткан

Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда ушул тапта дроппер иши боюнча 171 кылмыш иши козголуп, 226 адам дропперлик кылган деп шек саналууда. Бул тууралуу ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жогорку Кеӊештин 12-марттагы отурумунда айтты.

Ал айрымдар сим-картасы же банк эсеби шылуундук иштерге колдонуларын билип туруп сатып жиберген учурлар бар экенин кошумчалады. Анын сөзүнө караганда, дропперлик үчүн күнөөлүү деп табылган адамдар жабырлануучу алдаткан сумманын көлөмүнө жараша 20 же 50 миӊ сомго чейин айыпка жыгылат же 3 жылдан 7 жылга чейин, кылмышты уюшкан топ жасаган болсо 5 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилет.

“2025-жылы 1547 кылмыш иши козголгон. Анын ичинен 837 кылмыш ишинин бети ачылып соттук кароого жөнөтүлгөн. Келтирилген чыгым 826 млн 495 миӊ сом болгон. Анын ичинен 73 млн 896 миӊ сом кайтарылган”, - деди ал.

Нурбек Абдиев жабырлануучулар укук коргоо органдарына кеч арызданып жаткандыктан шылуундар акчаны чет өлкөлөргө которуп кетүүгө үлгүрүп, адамдарга каражатын кайтарып берүү мүмкүн болбой жатканын кошумчалады.

Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөсү Санжар Абдыгазиев дропперлердин көбү 18 жаштан 25 жашка чейинкилер экенин билдирди.

Дроппер – бул сим-карта же банк эсебин башка адамдарга сатып жиберип, атайылап же билбей шылуундардын ишине көмөк көрсөткөндөр. Интернет шылуундар ал аркылуу уурдалган акчаны өзүнүн банк картасына которуп же чет жакка чыгарып кетет. (BTo)

Дагы караңыз

АКШда Путиндин атайын өкүлү баштаган делегация менен жолугушуу өттү34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталдыЖК Боршайкомдун мүчөлөрүнүн санын кыскартууну 1-окууда колдодуМилиционерди уруп, көзүн жабыркатууга шектелген жаран кармалды Бишкекте коомдук ашканадан уулангандар саны 20га жетти, бирөө реанимациядаЧүйдө күйөөсүн өлтүргөн деген шек менен 58 жаштагы аял кармалдыКудрет Тайчабаровдун иши тергелип бүтүп, сотко өттү"Социалдык келишим" долбооруна жыл башынан бери 1825 арыз берилди"Агентство" АКШдан депортацияланган орусиялыктар Молдовада калганын жазды"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады