12-15-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдорунда жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
13-мартта өлкө аймагында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен айрым жерлерде туман түшөт.
Тоо этектерде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -5…-10, күндуз 3…8
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -6…-11, күндүз 2…7
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсун 0…-5, күндүз 5…10
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -5…-10, күндуз 1…6
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндуз -4…+1
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -6…-8° суук, күндүз 5 …7° болот.