Кыргызстандын аймактарында көчмө диагностикалык комплекс иштеп жатат

Мульти-диагностикалык комплекс.Кыргызстан. Март, 2026-жыл.

Март айынын башынан тартып мульти-диагностикалык комплекс Ош облусунун Араван районунда иштеп, ал жактагы элдин саламаттыгын акысыз текшерип жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги 12-мартта билдирди.

Аталган комплекс Араванда үч айдай иштеп, андан кийин Кочкор районуна кетет.

Министрликтин маалыматында дарт аныктоочу көчмө комплекс элет тургундарына акысыз медициналык кароо, адистердин консультациясы, дарылоо жана кеңири диагностикалык кызматтарды ыңгайлуу жана жеткиликтүү форматта көрсөтөрү жазылган. Араван районунда 150 миңге чукул адам жашайт, бул аларга райондон чыкпай туруп, саламаттыгын текшертип, адистерден кеңеш алуусуна кеңири шарт түзөт.

Мобилдик диагностикалык комплекс түрдүү ооруларды аныктоочу заманбап медициналык техника менен жабдылган. Анда дарыгерлердин бөлмөлөрү, лабораториялар, томография, маммография, рентген, гастроскоп, мобилдүү скрининг-борбор жана башка зарыл жабдуулар бар. Булардан тышкары бейтаптарды ташуу үчүн кичи автобустар жана "Тез жардам" унаасы да камтылган.

Мульти-диагностикалык комплекс Кыргызстанда 2021-жылдын ноябрынан бери иштейт.

2025-жылы аталган комплекс аркылуу 33 843 адам саламаттыгын текшертип, 86 262 жаран дарыгерлердин консультациясын алган. Бейтаптарды үй-бүлөлүк дарыгерлер жана гинеколог, офтальмолог, ЛОР дарыгер, невролог, кардиолог, стоматолог, гастроэнтеролог, уролог, эндокринолог жана хирург сыяктуу адистер кабыл алып, кароодон өткөрүшкөн.(ZKo)

Дагы караңыз

Былтыр Кыргызстанда адамдар интернет шылуундарга 826 млн сом алдаткан13-марттын аба ырайы: Жаан-чачын жаабайт"Хезболла" Израилдин түндүгүн аткылады"Бир дүйнө–Кыргызстан" уюму балдардын сырттан диний билим алуусун тыюу мыйзамына каршы чыктыАКШда Путиндин атайын өкүлү баштаган делегация менен жолугушуу өттү