Ливан: Израил аскердик операциясын кеңейтүүдө

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 12-мартта эртең менен Израилдин соккусунан кеминде 8 киши каза тапканын билдирди. Он күнчө мурун ливандык "Хезболла" согушкер тобу Ирандын жогорку көсөмү аятолла Али Хаменеинин өлүмү үчүн "өч аларын айтып", Израилди аткылоого киришкен.

Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги 12-мартта эртең менен Израилдин соккусунан кеминде 8 киши каза тапканын билдирди. Он күнчө мурун ливандык "Хезболла" согушкер тобу Ирандын жогорку көсөмү аятолла Али Хаменеинин өлүмү үчүн "өч аларын айтып", Израилди аткылоого киришкен. Израил армиясы – ЦАХАЛ жооп иретинде Бейрут баш болгон аймактарга сокку уруп, жүз миңдеген киши качкынга айланды. Ливандын бийлиги тараткан маалыматка караганда, бери дегенде 634 киши, арасында балдар набыт болду, жарадарлардын саны бир жарым миңден ашты.