Укук коргоочу менен активист сурактан чыкты
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
"Бир дүйнө - Кыргызстан" коомдук уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова менен эколог-активист Бермет Бөрүбаева Бишкек шаардык милициясынан сурактан чыгышты. Исмаилова Фейсбукта жазган постторуна байланыштуу суракка чакырылганын "Азаттыкка" айтып берди. Укук коргоочу жана активист Биринчи май райондук администрациясында “Жарандардын тынч жыйын өткөрүүсүнө боштондук” аталышындагы акция өткөрүүнү көздөшкөн.