АКШнын коргоо министри Пит Хегсет Ирандагы мектепке болгон кандуу соккуну иликтеген жооптуу адамды дайындады. Ал Борбордук командачылыкка (CENTCOM) кирбейт. Хегсет анын атын атаган жок, бирок окуянын чоо-жайын аныктоо үчүн иликтөө “канча зарыл болсо ошончо убакытка созуларын” белгиледи.
Каргаша 28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы сокку баштаган күнү Минаб провинциясында болгон. Жергиликтүү бийлик бери дегенде 175 киши, арасында 168 бала өлгөнүн билдирген.
Расмий булактар алдын ала далилдерге шилтеме менен кабарлагандай, АКШнын күчтөрү чалгынчылардын эскирген маалыматына таянып сокку урган. Бирок алар бул баштапкы гана жыйынтык деп эскертишет.
The New York Times америкалык аскерлер кыздар мектебинин жанындагы ирандык базаны бомбалаганын, мурда окуу жайдын имараты анын бир бөлүгү болгонун жана бутага алганда эски координаттар колдонулганын жазган.
Президент Дональд Трамп чабуул үчүн Иран өзү жооптуу болушу мүмкүн деп болжолдогон. 11-мартта ал окуя тууралуу кеңири кабардар эместигин, бирок иликтөөнүн жыйынтыгын кабыл аларын билдирди.
Сокку тууралуу отчет жакынкы күндөрдө Конгресске сунуш кылынары кабарланган.