Кыргыз эл жазуучусу, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды. Бул тууралуу Кыргызстандын Жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев Фейсбукка жазды.
Маркум 1937-жылы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында туулган.
1954-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетине тапшырып, өтпөй калат. Эки жыл «Коммунизм» колхозунда колхозчу, китепканачы, комсомолдук уюмдун катчысы болуп иштеген.
1956-жылы жат жазууну мыкты жазганынын аркасы менен Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил жана адабият факультетине кабыл алынган.
1958-жылы аңгемеси "Ленинчил жашка" чыккандан тартып прозалык чыгармалары мезгилдүү басма сөздө ырааттуу жарыялана баштаган.
Ар кайсы жылдары Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук гезитинде, «Кыргызстан» басмасында, «Кыргызфильм» киностудиясындагы сценарий бөлүмүндө түрдүү кызматтарда, «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеген.
Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен чогуу «Манас» эпосун проза түрүндө жазган.
Проза түрүндө балдар үчүн жазылган «Манас» эпосунун автору.
1991–2012-жылдары «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек Иманалиев менен чогуу 10 томго, 14 томдукка жана 40 томдукка жеткирген.
Залкар жазуучу «Жашоо кумары», «Ыр сабындагы өмүр», «Карагайчылар» жана башка чыгармалары менен таанымал.
Экинчи даражадагы "Манас" орденинин (2016-жыл), "Эмгек Баатыры" даражасынын (2024) ээси.
Шерине