Төлөкан Исмаилова жана Бермет Бөрүбаева 13-мартта Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгында (ШИИБ) алты саатка жакын суракта болуп, түш оогондо чыгышты. Аларды милиция эртең менен алып кеткен. Исмаилова суракта анын Фейсбукта жазгандары Украинадагы согушту колдоо жана пропагандалоо катары кабыл алынганы белгиленгенин билдирди.
"Мына, азыр эле чыктык. Тергөө материалдары тогуз барак болду. Ал жерде менин кайсы жакта иштегеним, эмне үчүн мен Фейсбукта Украинаны колдогонум боюнча толгон-токой сүрөттөрдү чогултуп алышыптыр. Мисалы, Украинанын герби. Эми аны кантип ошол жерге тиркеп жатышат? Экинчисинде Зеленский бир жолу айтыптыр: “Тынч чечимдерди табыш керек” деген. Мен “Слава Украине” деп жазыптырмын. Эми ошо кантип болсун? Ошолорду чогултуп, экстремисттик деп чечим чыгарып, Курманалиевага (ред.: Бишкек ШИИБнин башчысынын орун басары) жазышыптыр", - деди Төлөкан Исмаилова.
Исмаилова 13-март күнү Биринчи май райондук администрациясынан тынч жыйындарга чогулууга уруксат берүү талабы менен акция өткөрүү үчүн уруксат сурап, аталган акимчиликке кайрылганын, алар тараптан баш тартуу болбогонун кошумчалады. Биринчи май райондук администрациясы укук коргоочуга акимчиликтин имаратынын айланасында акция өткөрүүгө уруксат берилбеси жазылган билдирме 10-мартта берилгенин “Азаттыкка” маалымдады.
“Биз эртең менен Бермет менен жолугуп, Тимур Арыковду күтүп жатканбыз. Анткени акимчилик отуруп алып эле чектеп жатпайбы, иш бөлмөсүндө отуруп алып чыкпагыла деп. Андай болбойт да. Бизде төрөлгөндөн баштап укук бар. Бийликти биз эмнеге коёбуз? Бийлик сынчыл ой-пикирди угуш керек. Ошондо коррупциялык көрүнүштөр аз болот. Силер “Горькийге баргыла” дейт. Каалаган жерге барып жарандар көйгөйүн айтып, бийлик колун сунуп алар менен иштеш керек да", - деп кошумчалары Исмаилова.
Шаардык милициянын басма сөз кызматы соңку аракеттерге Исмаилованын соцтармактарда жазгандары негиз болгонун билдирди. Бул факт боюнча тергөөгө чейинки текшерүү башталган.
"12-март күнү Фейсбуктагы Tolekan Ismailova аккаунтунун баракчасында чет жактагы куралдуу жаңжалдардын бир тарабын колдогон посттор, чакырыктар жарыяланганы, ал посттордун алдына башка пайдалануучулар көптөгөн жагымсыз жана сындаган комментарий жазганы аныкталган", - деп билдирди Бишкек милициясынын басма сөз кызматы.
Эколог-активист Бермет Бөрүбаева кармалганы менен суракка алынган жок. Милиция алар менен кошо оператор-журналист Булат Сатаркуловду да кармап кетип, кийин коё бергени маалым болду.
Милицияга жеткирилгендер менен чогуу адвокат Тимур Арыков да барган. Ал Исмаилова менен Бөрүбаеванын кармалганын Биринчи май райондук администрациясынын алдында өтөрү пландалган тынч акцияга байланыштырды:
"Биз божомолдоп жатабыз, акцияга байланыштуу болду деп. Анткени биз 10-мартта билдирүү бергенбиз. Анда 13-мартта саат 10дон 11ге чейин тынч жолугушуу өткөрөбүз дегенбиз. Өткөрө албай калбадыкпы ушул себептен. Биз акимчиликтин дарегине чыга элекпиз. Бүгүн эртең менен үйдөн чыгып жатсам милицияга чакырып жатат деп чалышты".
Буга чейин жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров 26-февралда Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгына суракка кирип чыккан. Ал 24-февралда Орусиянын Украинага каршы согушунун төрт жылдыгына карата жарыялаган билдирүүсү боюнча чакырылып суралган.
Бийлик укук тартибин коргоо органдарында башталган реформа алкагында жарандык активисттерге, журналисттерге жана бизнес өкүлдөрүнө болгон мамиле кайра каралып чыгарын билдиргенине карабастан милициянын соңку аракеттери коомчулукта суроо жаратууда.
Жарандык активист Адил Турдукулов кармалгандар боюнча мындай деген пикирин айтты:
"Конституция тынч акцияларга жол берет. Аны далилдөө абдан маанилүү деген ойдомун. Жана ошол маселеге көңүл бурдуруу керек. Булат Сатаркуловдун да ошол жакка барганы коомчулуктун, элдин ошол көйгөйгө көңүлүн бурдуруу аракети болгон. Милициянын аракети туура эмес. Мыйзамды одоно бузуу десек болот".
Президент Садыр Жапаров 11-мартта парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып сот, прокуратура жана башка айрым мекемелердин алдында гана акция өткөрүүгө тыюу салынганын, ал эми Бишкектеги Горький бакчасында өткөрүүгө болорун айткан.
Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган чектөөнүн мөөнөтү утур узартылып, шаардын негизги аянттарында акция уюштурууга тыюу салынганына быйыл туура төрт жыл болду.
Шерине