Таласта беткап менен мал уурдоого шектелип издөөдө жүргөн жаран кармалды

Шектүүнүн жанынан табылган буюмдар. Талас ОИИБ тараткан сүрөт. 14-март, 2026-жыл.

Талас облусунун аймагында 13-15-март күндөрү "Мал уурулук" деп аталган атайын рейд жүргүзүлдү. Талас облустук ички иштер башкармалыгынын (ОИИБ) жана Айтматов райондук ички иштер бөлүмүнүн (РИИБ) ыкчам кызматкерлери бир нече мал уурулукка шектелип, издөөдө жүргөн жаранды колго түшүрүштү.

Анын жанынан адам сөлөкөтүндөгү беткап, эки уюлдук телефон, бычак алынган.

ОИИБ басма сөз кызматы кабарлагандай, шектүү Т.Н. 45 жашта, Айтматов районунун тургуну.

2-февралда ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Мал уурдоо") менен кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланган.

Шектүү Т.Н. Талас ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө жүргүзүлүп жатат.

Эт кымбаттагандан тартып мал уурулук күч алганы тууралуу нааразылык арбын айтылып келе жатат. Милиция мал уурулук боюнча расмий статистика бере элек.(ZKo)

Дагы караңыз

БШК Шаирбек Ташиевди өз арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыСот аткаруу кызматынын жетекчи орун басарынын өлүмү иликтенүүдөАбактагы Ирина Карамушкина ырайым сурап президентке кайрылдыИрандын соккусунан кийин Израилдин борбордук аймагында өрт чыктыЖакынкы Чыгыш: Трамп Харг аралындагы "бардык аскердик бута" жок кылынганын айтты