Эл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен коштошуу зыйнаты 15-мартта болот

Кеңеш Жусупов.

Кыргыз эл жазуучусу Кеңеш Жусуповду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 15-мартта саат 10:00до Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өтөт.

Ага чейин саат 9:00да жаназа зыйнаты жазуучунун үйүндө болорун маркумдун жакындары кабарлашты.

Эл жазуучусу, публицист, коомдук ишмер Кеңеш Жусупов 13-мартта дүйнө салды.

Ал 1937-жылы Нарын облусундагы Эчки-Башы айылында туулган. 1956-жылы Кыргыз улуттук университетинин кыргыз тил жана адабият факультетине кабыл алынган. 1958-жылы аңгемеси "Ленинчил жашка" чыккандан тартып прозалык чыгармалары мезгилдүү басма сөздө ырааттуу жарыялана баштаган. Ар кайсы жылдары Нарын шаарындагы Тянь-Шань облустук гезитинде, «Кыргызстан» басмасында, «Кыргызфильм» киностудиясындагы сценарий бөлүмүндө түрдүү кызматтарда, «Ала-Тоо» журналында башкы редактор болуп иштеген.

Кеңеш Жусупов Ашым Жакыпбеков менен чогуу «Манас» эпосун проза түрүндө жазган.Балдар үчүн кара сөз түрүндө жазылган «Манас» эпосунун автору.

1991–2012-жылдары «Кыргыздар» аттуу 5 томдук түзгөн, аны кийинчерээк Каныбек Иманалиев менен чогуу 10 томго, 14 томдукка жана 40 томдукка жеткирген.

Залкар жазуучу «Жашоо кумары», «Ыр сабындагы өмүр», «Карагайчылар» жана башка чыгармалары менен таанымал. Ал Экинчи даражадагы "Манас" орденинин (2016-жыл), "Эмгек Баатыры" даражасынын (2024) ээси.(ZKo)

Дагы караңыз

Сот аткаруучулар кызматы Капаловдун өлүмү жумушуна байланыштуу эмес экенин билдирди"Уйгур менен казакка коркунуч жаратат". Кытайлаштыруу саясатын күчөткөн мыйзамБШК Шаирбек Ташиевди өз арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыАбактагы Ирина Карамушкина ырайым сурап президентке кайрылдыИрандын соккусунан кийин Израилдин борбордук аймагында өрт чыкты