Шаирбек Ташиев мандатын "саясий стабилдүүлүктү сактоо үчүн" тапшырганын айтты

Шаирбек Ташиев.

Шаирбек Ташиев 14-мартта Жогорку Кеңештин депутаты мандатынан ажыратылгандан кийин шайлоочуларына кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун тарапташтарынын бири Бактыгүл Беркбаева Фейсбуктагы баракчасына жарыялады.

Экс-депутат шайлоочуларына ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди. Бул кадамга өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк, элдин тынчтыгы үчүн барууга аргасыз болгонун белгиледи.

"Акыркы мезгилде социалдык тармактардагы мага, менин үй-бүлөмө жана менин жакындарыма болгон каралоо, жалгандарды жайылтуу менин жана менин жакындарымдын тынчтыгын бузду. Мен үчүн эң башкысы - сиздердин ишеним. Сиздер мага көрсөткөн колдоону жана ишенимди ар дайым жогору баалайм. Саясий кызматта болобу же башка тармакта болобу, мен ар дайым өз өлкөмө жана элиме кызмат кылууну улантам", - деп жазылган кайрылууда.

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) 14-мартта Шаирбек Ташиевдин Жогорку Кеңештин депутаты ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуп, мандатынан ажыратты. Боршайком Ташиевдин мандаты өз арызынын негизинде алынганын билдирди.

13-мартта ал Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Башкы тергөө башкармалыгында сурак бергени кабарланып, бирок кайсы иш боюнча экени ачыкталган эмес.

Акыркы күндөрү социалдык тармактарда Шаирбек Ташиевге байланышкан ар кандай видеолор чыгып жаткан. 10-мартта социалдык тармактарда “Жусупбек Коргонбай уулу менен Шаирбек Ташиевдин кумаркана боюнча сүйлөшүүсү” делген тасма тараган. Ташиев өзү бул тасма тууралуу комментарий берген эмес. Ал эми Жусупбек Коргонбай уулу тасмадагы сүйлөшүү болгонун "Азаттыкка" ырастаган.

Мурдагы вице-премьер-министр, УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси Шаирбек Ташиев агасы кызматтан бошотулгандан кийин "Азаттыкка" курган маегинде депутаттык мандатын шайлоочулары гана алууга укуктуу экенин айткан.

50 жаштагы Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алган.

Ушуну менен Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын алты депутаты мандатын тапшырды - Элдар Сулайманов, Нурланбек Тургунбек уулу, Кундузбек Сулайманов, Кубанычбек Конгантиев, Курманкул Зулушев жана Шаирбек Ташиев. Дагы бир депутат Жанарбек Акаев президенттин буйругу менен Ош шаарына мэр болуп дайындалган.(ZKo)

Дагы караңыз

Украин дрондору "Кавказ" портун жана Краснодар мунай заводун бутага алганы кабарланды"Уйгур менен казакка коркунуч жаратат". Кытайлаштыруу саясатын күчөткөн мыйзамЭл жазуучусу Кеңеш Жусупов менен коштошуу зыйнаты 15-мартта болотСот аткаруучулар кызматы Капаловдун өлүмү жумушуна байланыштуу эмес экенин билдирдиАбактагы Ирина Карамушкина ырайым сурап президентке кайрылды