14-15-март күндөрү Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тоолуу жолдордо жана ашууларда кар көчкү түшүү коркунучу сакталат. Кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалар ортосунда 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
15-мартта түнкүсүн Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жааайт. Айрым жерлерде туман түшөт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 0…-5, күндүз 6…11
Талас өрөөнүндө түнкүсүн -1…-6, күндүз 5…10
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -2…+3, күндүз 9…14
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -1…-6, күндүз 3…8
Нарын облусунда түнкүсүн -7…-12, күндүз -3…+2
Бишкек шаарында жаан-чачын жаабайт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 8 …10° болот.