Казакстанда жаңы Конституция боюнча референдум өттү. Борбордук референдум комиссиясы билдиргендей, саат 20:00гө карата өлкө боюнча 9 126 850 жаран добуш берди. Бул шайлоочулардын 73,24% түзөт.
Кызылордо облусунда жаңы Конституциянын долбоору боюнча референдумга катышкандар көп болду (93,04%). Ал эми Алматыда эң аз же шайлоочулардын 33,43% гана келди.
Борбордук референдум комиссиясы буга чейин добуш берүү өттү деп жарыялаган. Саат 18:00гө карата шайлоочулардын катышуусу 70,98% түзгөнүн билдирген.
Казакстандагы бардык добушканалар жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00дө жабылып, добуштарды саноо башталды. Эсептөө жараяны 12 сааттан ашпоого тийиш.
Чет мамлекеттердеги казак жарандары үчүн ачылган тилкелерде добуш берүү уланууда.
Ушул жылдын январь айында казак президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөдө жаңы Конституция кабыл алуу зарылдыгын билдирип, конституциялык реформа боюнча комиссия түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.
Комиссия курамына аткаминерлер, депутаттар жана коомдук өкүлдөр кирген.
31-январда преамбуладан жана 11 бөлүмдөн, жалпысынан 95 беренеден турган жаңы Конституциянын тексти жарыяланган. Документ толукталып, референдум 2026-жылдын 15-мартына белгиленген.