Маданият министрлиги аталган имараттын сырткы көрүнүшүн өзгөртүүгө каршы кат жолдогону белгилүү болду. Буга чейин борбордогу совет доорунда курулган имараттар ушундай оңдоо-түзөөдөн өткөн. Айрымдары тарых жана маданият эстеликтеринин расмий тизмесинен чыгарылып, коомдо нааразылык жараткан.
"Маданият министрлиги уруксат берген эмес"
Долбоорун архитекторлор Е.Писарской жана Г. Савватеева чийген Дене тарбия жана спорт академиясы 1955-жылы курула баштаган. Тарыхый булактарда 1965-жылы ишке берилгени жазылган имараттын сыртында оңдоо иштери жүрүп жатканына күбө болдук.
Жетимиш жылдык тарыхы бар академиядагы ремонт иштери биринчи болуп bishkek smog жарандык демилгесинин көңүлүн бурган.
Активист Бермет Борубаева өзгөчө режимдеги колдонуу укугуна ээ имаратты оңдоо иши Маданият министрлиги менен макулдашылбай жүргөнүн айтты:
“Маданият министрлигине кат жолдогонбуз. Ага маданият министринин орун басары Мадеминов жооп берген. Анда Ахунбаев №97 көчөсүндө жайгашкан имарат өкмөттүн 2002-жылдын 20-августундагы №568 токтому менен Кыргыз Республикасынын тарыхый жана маданий мурастарынын тизмесинде экени жазылган. Республикалык мааниге ээ архитектуралык эстеликтердин катарына киргендиктен, өзгөчө режимдеги колдонуу укугуна ээ. Маданият министрлиги катында вентфасадды монтаждоого жана имараттын сыртын өзгөртүүгө макулдук бербегенин ырастап жатат. Анткен менен оңдоо иштери токтогон жок, кээ бири аяктап да калды. Мындай учурда айрым бир архитектуралык эстеликтердей таптакыр сүрдүрүп салбаганы үчүн кубанып тим болосуң”, - дейт Борубаева.
Ишенимдүү булактар билдиргендей, Маданият министрлиги имараттын сыртын оңдоп-түзөөнү жана өзгөртүүнү токтотууну талап кылып, академияга кат жолдогон.
Аталган министрликтин маданий мурастарды сактоо, өнүктүрүү бөлүмүнөн бул боюнча толук маалымат алуу аракетибизден майнап чыкпады.
Мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын жетекчилиги корпустар жана жатаканалар оңдолуп жатканы үчүн президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге ыраазычылыгын сайтына 8-декабрда жайгаштырганын көрүүгө болот.
Аталган окуу жайдын административдик чарба иштери боюнча проректору Руслан Жапаркулов имаратты оңдоо-түзөө иштерин президенттин иш башкармалыгы жүргүзүп жатканын айтты:
“Президенттин көрсөтмөсү менен президенттин иш башкармалыгы оңдоп-түзөп жатат. Өзүңүз билесиз да, президент биздин окуу жайды 1992-жылы бүтүргөн. Имарат эски, буга чейин “шуба” чачылып турган. Азыр эми жакшынакай, заманбап материалдар менен сырты гана чапталат. Калган эч нерсесине тийишпейт. Бул боюнча архитектура баштаган органдардын өкүлдөрү келип кеткен. Бир-экөө да кат да жазган экен. Бул жерде эч кандай мыйзам бузуу жок. Бул жакшы иш”.
Президенттин иш башкармалыгы буга чейин Жогорку соттун жана өкмөттүн имараты баштаган тарыхый жайлардын тышын оңдогон.
Аталган башкармалыктан бул боюнча маалымат алууга мүмкүн болбоду. "Азаттык" бардык тараптарга микрофон берүүгө даяр экенин эскертебиз.
"Тарыхка кийлигишип жатабыз"
Кесиби архитектор, Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Ишенбай Кадырбеков бул ката иш болгон деп эсептейт. Адистин белгилешинче, архитектурада тарыхый имараттын ичин оңдоого уруксат берилет, бирок тышкы көрүнүшүн өзгөртүүгө болбойт.
“Биз эмне үчүн ал имараттарды тарыхый-архитектуралык жайлар деп тизмеге киргизебиз? Анткени ал биздин тарыхыбыз. Архитекторлор кайсы бир имаратты жаратып жатканда ушундай болсун деп өз көз карашын, элементтерди фасадга киргизет да. Архитектор деле акын-жазуучудай чыгармачыл адам. Эми ойлоп көрүңүзчү биз “Жамийланы” азыр башкача атап койсок, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгына кийлигишкен болуп калабыз да. Же музыканы бузуп салсак, такыр башкача чыгарма болуп калбайбы. Ошон үчүн мыйзамда мындай имараттар “реставрация гана болот” деп турат. Бул мурда кандай болсо, ошол калыбына алып келүү деген сөз. Чет өлкөдөнбү же өзүбүздөнбү туристтер ошол тарыхый жайларды көрүү үчүн келет. Биз алар менен сыймыктанабыз. Ал эми азыркы иштер тарыхты жок кылганга барабар. Мурда ЮНЕСКО, азыр болсо БУУнун атайын комитети дүйнө жүзүндө тизмеге кирген тарыхый мурастарды сактап жүрөт. Демек, бул кыргыздардын эле мурасы эмес. Республикалык тизмеге киргенден кийин ал адамзаттын байлыгы болуп эсептелет. Биз ошого кийлигишип жатабыз".
Кадырбеков Бишкектеги тарыхый имараттарга өз жүзүн кайтарса болот деген ишенимде. Ал буга мисал катары Санкт-Петербургдун Невский көчөсүндөгү тарыхый имараттарды мисалга тартты. Экинчи дүйнөлүк согушта талкаланып, туш келди оңдолгон үйлөрдүн көбү кийин архивдеги документтердин негизинде баштапкы калыбына келген.
Мурдагы спикер муну менен катар айрым имараттарда азыркы Эгемен Кыргызстандын тарыхы чечилгенин белгилей кетти.
"Жогорку соттун имаратынын долбоорун Дубов деген гениалдуу архитектор чийген. Ал 1920-1930-жылдары СССРде пайда болгон конструктивизм агымынын өкүлү болгон. Орто Азияда жалгыз ушул имарат конструктивизм теориясы менен курулган. Мындай имарат Москвада, Ленинградда (Санкт-Петербург) анан Фрунзеде (азыркы Бишкек) эле бар эле. Экинчиден, бул имаратта 1937-жылы Кыргызстандын биринчи съезди өтүп, биринчи Конституция кабыл алынган”, - деди Ишенбай Кадырбеков.
"Баалуулугу калбаган" имаратпы?
Былтыр февраль айында президенттин иш башкармалыгы шаардын чок ортосундагы өкмөт үйү, Жогорку сот жана башка мекемелер жайгашкан 15 имаратты аталган тизмеден чыгарууну сунуштаганы маалым болгон.
Тарыхый имараттарды тизмеден чыгарууга бир катар тарыхчылар, коомдук ишмерлер каршы болгон. Бул боюнча президенттин тапшырмасы менен 63 адамдан турган атайын комиссия түзүлгөн. Комиссия көпчүлүк добуш менен тизмеден чыгарылбасын деген чечим кабыл алганын, ага карабай "Ынтымак-Ордодогу" жыйында башка протокол бекип калганы белгилүү болгон.
Андан кийин Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 2-июлундагы №394 токтому чыккан.
Ага ылайык, тарыхый мурастар тизмесине кирген үч имаратын тушуна "жоготулган" деген толуктоо киргенин көрүүгө болот.
Биринчиси - Абдымомунов көчөсүндөгү №207 дарегинде жайгашкан Жогорку Кеңештин имаратын (Өкмөт үйү, азыркы ТИМ);
Экинчиси - Абдымомунов көчөсүндөгү №205 дарегинде жайгашкан Жогорку соттун имаратын (мурунку Чүй администрациясы жана Тышкы иштер министрлиги);
Үчүнчүсү - Абдрахманов көчөсүндөгү №175 дарегинде жайгашкан "КыргызКАБАР" агенттигинин имараты;
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маданий мурастар боюнча адиси токтомго "жоготулган" деген сөз "имараттын баалуулугу жок деген маанини" билдирерин айтты. Учурда маданий-тарыхый мурастардын тизмесинде турганы менен аларды келечекте бузуп же сүрдүрүп салууга тоскоолдук болбойт.
"Рейхстаг деле эски, бирок бузулган жок"
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Исхак Масалиев Бишкек шаарындагы айрым имараттардын тарыхый-маданий мурастардын тизмесинен чыгарылышына каршы болгон. Ал бул иштерде мыйзамды өкмөт өзү бузуп жатканын белгиледи.
“Мыйзамда "кайсы бир архитектуранын же тарыхтын байлыгы же эстелиги жоготуу коркунучуна кабылса же жоголсо гана тизмеден чыгат" деп турат. Бирок азыр булар оңдоп жаткан имараттардын бирөө дагы андай абалга кабылган эмес. Ошон үчүн аларды сактап, коргошу керек. Аларды сактабаганы үчүн Маданият министрлиги жооп берет. Бирок булар коргобой, эски имарат деген принцип менен кетип жатышат. Имарат чын эле эски болушу мүмкүн. Бирок Вашингтондогу Ак үй, Берлиндеги Рейхстаг (азыркы Бундестаг - ред. ) деле эски. Дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө борбордук мамлекеттик имараттар эски. Аларда эски имараттарды темир же пластик менен жабалы деген ой да болбойт. Мен бул тууралуу далай жолу прокуратурага, өкмөткө жаздым жооп болгон жок. Башында бул имараттарды таптакыр бузмай болушкан. Коомчулук ызы-чуу түшкөндө оңдойбуз деп Канттан чыккан таш менен сыртын чаптап коюшту. Бул жерде мыйзамды өкмөт өзү бузулуп жатат”, - дейт Масалиев.
Саясатчы муну менен катар Иш башкармалыгынын милдети президентке иштөөгө, эс алууга шарттарды түзүп берүү экенин эске салып, анын соңку кезде ага өкмөттүн милдети артылып жатканын дагы сынга алды.
Ал эми тарыхый имараттар боюнча президенттин сунушу менен түзүлгөн комиссиянын курамына кирген профессор Кыяс Молдокасымов акыркы окуялар тууралуу мындай пикирде.
“Тарыхый мурастардын тизмесинен чыгаргандан кийин шаарды оңдойбуз деп имараттарга ар кандай таштарды чаптап, оңдоп жатышат. Мен буга караманча каршымын. Башка өлкөлөрдөгү совет доорунан калган тарыхый болсун, архитектуралык болсун имараттар кандай болсо ошондой эле калыбында сакталып турат. Жаныбыздагы Казакстандын Алматы шаарында эле эски имараттарга тийишпей, кандай болсо ошондой сактап коюшкан. Сыртын өзгөртөбүз, башкача боёк беребиз деген аракет жок. Дүйнөнүн бардык эле өлкөсүндө тарыхый имараттарга астейдил мамиле кылышат. Кыргызстан эл аралык келишимдерге кол койгон. “Маданий мурастарды коргоо жана маданий мурастарды сактоо” деген мыйзам бар. Анда маданий мурастар тизмесине кирген имараттар кандай турса, ошондой сакталышы керек деген беренелер кирген. Менин билишимче, беренелер парламент тарабынан өзгөргөн эмес”.
Анткен менен былтыр март айында Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги “Тарыхый-маданий мурастарды коргоо жана пайдалануу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштап, документ 15-марттан тарта коомдук талкууга коюлган.
Долбоордо жеке жана юридикалык жактарга эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик мекеме менен макулдашуу аркылуу 15 жылга пайдаланууга берүү сунушталган. Эстеликтерди коргоо боюнча мамлекеттик орган менен жеке жана юридикалык жактар келишим түзгөндөн кийин аларга “тарых жана маданият эстелигин пайдалануучу” макамы берилери айтылган.
Ал эми мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында өкмөт менен инвестициялык долбоорлорду, макулдашууларды ишке ашыруу учурунда тарыхый-маданий мурастарды 49 жылга пайдаланууга берүү сунушталган.
Долбоорго ылайык, республикалык маанидеги тарых жана маданият эстелигин бузууга, жылдырууга, кайра курууга, өзгөртүүгө, жоготууга Министрлер кабинетинин чечими боюнча уруксат берилет. Ал эми жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтери үчүн жергиликтүү бийлик органдары уруксат берет. Эстелик табигый кырсыктан улам бузулса же эскилиги жетип, толугу менен жок болсо, мамлекеттик тарыхый-маданий экспертиза жүргүзүлөт. Анын кортундусунун негизинде бузууга, жылдырууга, кайра курууга же жок кылууга жол берилет.
Шерине