Ооганстандын Кундуз провинциясында тажикстандык дарыгер аял өлтүрүлгөнү кабарланды. Бул тууралуу 15-мартта Afghanistan International телеканалы жана Hasht-e Subh Daily гезити маалымдады.
Маалыматка ылайык, окуя үч күн мурун Имам-Сахиб районунда болгон. Бул аймак Тажикстан менен чек арага жакын жайгашкан. Белгисиз адамдар 54 жаштагы дарыгер Адолат Хамидинин үйүнө кирип барып, аны атып өлтүрүшкөн.
Адолат Хамиди акыркы 15 жыл бою гинеколог болуп иштеп келген. Ал Ооганстандын жаранына турмушка чыгып, бир кызды тарбиялап жаткан.
Hasht-e Subh Daily басылмасынын жазганына караганда, маркумдун сөөгү Тажикстанга жөнөтүлгөн.
Расмий Дүйшөмбү бул окуя боюнча азырынча билдирүү жасай элек.
Кылмыштын себептери жана кол салгандардын ким экени азырынча белгисиз. Ооганстанда бийликте турган "Талибан" кыймылы да маалымат бере элек.
Ооганстандагы тажик жарандарынын саны канча экени белгисиз. Ал эми ал жактагы этностук тажиктердин саны 11 миллионго чукул. Бул ооган калкынын 25-27% дегенди билдирет.